Жарыяланган: 24 November 2025
Түркиянын Анталья шаарында өткөн дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнөн бир канча командалар катышкан “Gastro Antalya” деп аталган гастраномиялык фестивалда “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын ашпозчулар командасы 5 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалга ээ болуп, алдыга оозуп чыгышты.
Гастраномиялык бир катар номинацияларда кумтөрчүлөр мыкты деп табылып, жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтө алышты.
Алсак, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын су-шеф ашпозчусу Александр Ипатов үч алтын медалды багындырды. Наабайчы Асель Жумашова жана ашпозчу Фарух Ниязовдор дагы алтын алып, фестивалдын жогорку тепкичине көтөрүлүштү. Командага күмүш медалды ашпозчу Калдыбай уулу Жаныбек, ал эми коло медалды ашпозчу Керез Бектурова алып келди.
Эске сала кетсек, Кумтөрдүн коомдук тамактануу бөлүмүнүн ашпозчулары жыл сайын эл аралык фестиваль, сынактарга катышып келишет. Мындай эл аралык иш-чараларга катышуу – кесиптик чеберчилигин жогорулатуунун жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген кесиптештер менен тажрыйба алмашуунун эң мыкты аянтчасы болуп саналат.