«КУМТӨР» КЕН ИШКАНАСЫНЫН ТУРАК ЖАЙ ЛАГЕРИНДЕ ЖАНА ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТТЕРИНДЕ ТЕЙЛӨӨ КЕЛИШИМ ШАРТЫНДА ТАЗАЛОО КЫЗМАТТАРЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 22 August 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 01.09.2025, Бишкек сааты боюнча 17:00го чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК «Кумтөр» кен ишканасынын турак жай лагеринде жана өндүрүштүк объекттеринде тейлөө келишим шартында тазалоо кызматтарын көрсөтүү үчүн сынак жарыялайт.
Сунуштарды электрондук почтага жиберүү керек: cleaner2025@kumtor.kg
Позициянын аталышы: тазалоо кызматтарын көрсөтүү
МИЛДЕТТЕРИ:
- Иш аткаруучу Буйрутмачы тарабынан камсыздалган керектүү өлчөмдө кир жуугуч каражаттарды, тазалоочу каражаттарды жана инвентардык (жабдууларды) колдонуу менен Буйрутманын кеңселерин, өндүрүштүк жана турак жайларын тазалоо боюнча кызматтарды көрсөтөт.
- Көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты Кыргыз Республикасынын санитардык-гигиеналык талаптарына, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана стандарттарга ылайык келиши керек.
- Имаратты тазалоо учурунда Иш аткаруучу аба ырайынын шарттарына, ошондой эле эмгекти коргоо, коопсуздук жана өндүрүштүк санитариянын белгиленген ички эрежелерине жана стандарттарына ылайык келген Буйрутмачынын атайын кийимин кийүүгө тийиш.
- Полду, плинтустарды, радиаторлорду, дааратканаларды, раковиналарды, сантехниканы, темир сайдинг дубалдарын, дааратканалардын жана душтардагы тосмолорду жана эшиктерди, башка жуулууга жарактуу беттерди жана башка жалпы жайларды жууп тазалоо жана тазалыкты сактоо Буйрутмачы тарабынан берилген атайын жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды кошуу менен ишке ашырылат.
- Ички регламентке жана Буйрутмачынын Регламентине ылайык турак жайлардан жана тейлөө бөлмөлөрүнөн/кеңселерден таштандыларды чогултуу үчүн белгиленген жерге өзүнчө чогултуу жана сорттоо.
- Кеңсе/бөлмө эмеректерин, ички буюмдардын, кездеме каптоонун, жалюзилердин, пардалардын, ички буюмдардын ж.б. катуу беттерин жууганда, тазалоодо жана кургак тазалоодо буюмдун кайсы материалдан жасалгандыгын эске алуу керек.
- Айнектердин, күзгүлөрдүн бетинде, тазалоо кызматтары көрсөтүлгөндөн кийин жылмаланган беттерде эч кандай сызыктар жана издер болбошу керек, беттер жаркырап турушу керек.
- Турак жай блогунун коридорунун дубалдарын жана шыптарын, ошондой эле борбордук коридордун дубалдарын (турак жай блогуна жакын аймак) генералдык тазалоо (квартал сайын).
- Иш аткаруучу кир жуугуч каражаттарды, шейшептерди, санитардык жана гигиеналык буюмдарды туура сактоону жана аларды максатына ылайык колдонууну камсыз кылууга милдеттүү.
- Иш аткаруучу тейленген турак жайларда, кеңсе жайларда жашаган / иштеген адамдар менен байланыштын этикалык стандарттарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
- Иштеген жерде өрт өчүрүүчү жабдуулардын жарактуулугун үзгүлтүксүз текшерүү, бузулган түзмөктөр аныкталган учурда, Буйрутмачынын аймагындагы жетекчиге жана кен ишканасынын жетекчилигине маалымдайт.
- Бузулуулар аныкталган учурда, Иш аткаруучу Буйрутмачынын жабдууларын оңдоо жөнүндө өтүнүчтөрдү өз убагында берет.
- Буйрутмачынын мүлкүнө кылдат мамиле жасоону камсыз кылуу.
- Нөөмөттүн аягында турак жайдын бөлмөлөрүндөгү жана коридорлорундагы түтүн сезгичтери текшерилет, жабдыктар бузулган учурда, Буйрутмачынын электриктерине жана кен ишканасынын жетекчилигине маалымдайт.
- Иш аткауучу ишенип тапшырылган турак жай жана тейлөө жайларын/кеңселерди таза жана тартипте өткөрүп берет.
- Иш аткаруучу ишкердик коммуникациянын этикасынын жана командадагы жүрүм-турумдун сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.
- Иш аткаруучу Буйрутмачы тарабынан берилген окутуу курстарын өз убагында бүтүрүүгө милдеттүү.
- Иш аткаруучуга Техникалык тапшырмада көрсөтүлбөгөн, бир тектеш, көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык мүнөздөмөсүнө байланыштуу же байланышкан милдеттенмелер жүктөлүшү мүмкүн.
Иш тажрыйба:
- Кеңсе, өнөр жай жана турак жайларды кесиптик тазалоо жаатында, санитардык жабдууларды эксплуатациялоо жаатында 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар.
ТАЛАПТАР:
- Жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүк;
- ИНН – салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
- Паспорттун же башка документтин көчүрмөсү;
- Салык боюнча карызы жок экендиги тууралуу күбөлүк;
- Соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- Банктык эсеп реквизиттери;
- Резюме;
- Билим жөнүндө документтер (орто, орто адистиги, жогору);
- Иш тажрыйбасын тастыктаган документтер (келишимдердин көчүрмөлөрү, сунуш каттары ж.б.)
- Бийик тоолуу шарттарда иштөө үчүн медициналык уруксаттын болушу;
- Жарактуу санитардык китептин болушу;
- Биринчи жардам көрсөтүү боюнча окуудан өтүү.
Шарттары:
- Кумтөр кени
- Иш графиги: Толук жумуш кунү (14/14).
- Кызматтын баасы аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча
Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:
Приложение №1
ФОРМА ЗАПРОСА КП
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА