Жарыяланган: 19 June 2025
Кумтөр кен жайындагы долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин инспекциялоонун алкагында, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун Башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов ири жүк ташуучу унааларга орнотулган, кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн сыноо иштеринин жүрүшүн текшерди.
Бул сыноо “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунда калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн сапатын жана иштөө натыйжалуулугун аныктоого багытталган. Сыноо иштери 2025-жылдын 21-майында Кумтөр кен жайынын карьеринде башталган жана учурда дагы да уланууда.
Кубат Абдраимов сыноо иштерин өтө кылдаттык менен ишке ашыруу керек экендигин, коопсуздук маселеси эң биринчи орунда болушу керектигин баса белгиледи.
“Бул чынында компания үчүн маанилүү. Калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруп, абдан кылдаттык менен ишке ашыруу зарыл. Сыноо иштери ийгиликтүү аяктап, массалык түрдө колдоно баштасак, бул экологиялык дагы, экономикалык дагы жакшы пайдасын берет. Токмоктогу завод жылына 200дөн 300гө чейин дөңгөлөктү калыбына келтирүү менен 1 жылда 1,5 миллион доллардан ашык каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт”-деди “Кыргызалтындын” башчысы.
Эске сала кетсек, Токмок шаарындагы заводдо кайра калыбына келтирилген дөнгөлөктөр Кумтөр кен жайына жеткирилип, №148-Caterpillar 789С үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаага орнотулган. Сыноо иштерине Өндүрүштүк окутуу бөлүмүнүн инструкторлору жана Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводунун өкүлдөрү күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүдө.
Маалымат үчүн: “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводундагы дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүчү жабдуулар 2025-жылдын январь айында тесттик режимде ишке берилген.