“Кумтөр” компаниясы бекитилген тоо-кен иштеринин пландарына жана бардык керектүү уруксаттарга ылайык иш алып барууда

“Кумтөр” компаниясы бекитилген тоо-кен иштеринин пландарына жана бардык керектүү уруксаттарга ылайык иш алып барууда

Жарыяланган: 07 October 2021

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК бекитилген долбоорлорго жана тоо-кен иштеринин пландарына ылайык иш алып барат, бардык документтер тиешелүү мамлекеттик органдарда макулдашуудан өтүп, бардык зарыл болгон уруксаттар алынган. Башка сөз менен айтканда, буга чейин “Центерра” тарабынан “Кумтөрдүн” дарегине айтылган технологиялык бузуулар  тууралуу айыптоо чындыкка жатпайт, ишкананын ишине  эч кандай коркунуч жок.

Акыркы бир нече ай ичи “Кумтөр” кенинин тегерегинде көбүнчө чет өлкөлүк маалымат каражаттарында маалыматтык согуш жүргүзүлүүдө. Мисалы, жакында эле кара пиар жасашты – “Центерранын” жогорку  кызматтагы менеджери кендин борбордук карьери сууга толду деген имиш билдирүү жасады.  Таламы тарларлга арналган бул “пропагандалык бомба” мүдөөсүнө жеткен жок. Карьерди суу каптады деген билдирүү жалган.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын улук инженер-гидрогеологу Кирилл Алексеев билдирет: “Бул жылдан жылга кайталанчу кадимки жагдай, башкача айтканда жай мезгилинде карьердин түштүк тереңдетүү тарабында суу деңгээли көтөрүлөт, ал эми күзгү-кышкы мезгилде биз аны сордурабыз.  КГК адистеринин иш-аракеттери аркылуу суунун деңгээли күнүгө орточо жарым метрге төмөндөп жатат, жана жакында бул суу көлчүк сууга айланат да, анан таптакыр жоголот. Кенди канадалыктар башкарган учурда, карьердеги суу алда канча көп болчу. 2020-жылы карьердеги суунун деңгээли 35-58 метр түзгөн болчу, ал азыркыдан 12 метрге көп болгон. Чынында быйыл суу азыраак топтолгон”.

Азыркы учурда “Кумтөр” кен ишканасынын түштүк тереңдетүү карьеринде 600 миң куб метрден кичине көбүрөөк суу калды, ал дагы эки-үч жуманын ичинде толугу менен сордурулат. Бүгүнкү күндө кендин ар кайсы участкаларында кубаттуулугу ар кандай болгон 170 насос иштейт, дагы 37си резервде. Учурда адамдарга же техникаларга эч кандай коркунуч жок, борттордун мониторинги тынымсыз 24/7 режимде, Reutech жана Leica системаларын колдонуу аркылуу жүргүзүлүп жатат, жылышуунун ылдамдыгы нормалдуу чекте.

Карьердеги суу жайкы учурда мөңгүлөрдүн эришинен жана  жаан-чачындылардан улам топтолот. Бул суу пайда алып келип жана айлана-чөйрөгө зыяндуу болбошу үчүн аны кандай пайдалануу керектиги тууралуу суроо жаралат.  Мурун канадалык инженерлер экологияга терс таасир тийгизген чечим кабыл алышкан – алтын ылгоо фабриканын муктаждыгы үчүн сууну Петров көлүнөн алышкан. Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселеси аларды тынчсыздандырган эмес. Бирок альтернативдүү чечимдер болгон. КГКнын тышкы башкаруучусунун тапшырмасы боюнча Кумтөрдүн фабрикасы карьердин суусун пайдаланууга өтүп жатат. Түштүк тереңдетүү карьерден түз алтын ылгоо фабрикага кошумча трубопровод линияларын өткөрүү долбоорлонот. Ошентип, карьерден фабрикага суу жеткирүүнүн көлөмү саатына 300 кубга чейин көтөрүлөт. Бул фабрика муктаждыгын толук камтуу үчүн жетиштүү болот. Бул өндүрүштүк процесске таасирин тийгизбейт, ал эми таза көлдүн суусун үнөмдөсө болот, ал турак жай лагеринин тиричилик муктаждыктары үчүн гана колдонулат.

2021-жылдын 28-сентябрындагы сүрөттөн карьердин бортторунда суу агымы жок экендигин байкаса болот.  Мурунку жылдардагыдай эле жай мезгилинде карьердин түштүк тереңдетүүсүндө топтолгон суу сордуруп чыгарылууда. Карьердин түштүк тереңдетүүсүнөн алынган суунун көпчүлүгү АЫФке берилет.