КОРПОРАТИВДИК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ WI‑FI ТАРМАГЫН ОРНОТУУ, ИШКЕ КИРГИЗҮҮ ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

КОРПОРАТИВДИК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ WI‑FI ТАРМАГЫН ОРНОТУУ, ИШКЕ КИРГИЗҮҮ ЖАНА ЖАБДУУЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

Жарыяланган: 12 March 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 17:00 (Бишкек убактысы боюнча) 2026-жылдын 22-марты.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди ноутбуктарды жеткирип берүү үчүн котировакаларды суроо методу менен корпоративдик деңгээлдеги Wi‑Fi тармагын орнотуу, ишке киргизүү жана жабдууларды жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Котировкалык сунуш (мындан ары — КС) PDF форматында, ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп берилүүгө тийиш.
Сунуштарды берүү тартиби

 

Катышуучулар КСтерди кыргыз же орус тилдеринде тапшырып төмөнкү электрондук дарекке: wifi2026@kumtor.kg  2026-жылдын 22-марты, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин жөнөтүшү керек.

Сатып алынуучу товардын техникалык тапшырмасы ушул документацияга тиркелген.

Товарлардын баяндамасы: Корпоративдик деңгээлдеги Wi‑Fi тармагын жабдуу менен камсыз кылуу, тармакты жайгаштыруу жана ишке киргизүү
Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Коммерциялык сунуш (КС) төмөнкүлөрдү камтышы керек:

—       датасы жана жөнөтүү номуру

—       баалар

—       жеткирүү мөөнөтү

—       төлөө шарттары

—      КСтин жарамдуулук мөөнөтү

Жеткирүү жери: DAP же DDP — «Кумтөр Голд Компани» ЖАК кампасы:

Кыргызстан, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24

Баалоо критерийлери:  Жеңүүчү деп техникалык талаптарга шайкеш келген КСти тартуулаган жана эң төмөн бааны сунуштаган катышуучу табылат.
  Эгерде Жеткирүүчү КСти биринчи жолу берип, буга чейин аккредитациядан өткөн эмес болсо, анда катышуучу төмөндө берилген шилтемедеги

“Сатып алуу жол-жоболоруна Катышуучулар тарабынан берилүүчү документтер тизмеси” бөлүмүндө көрсөтүлгөн белгилүү бир документтер топтомун тапшырууга тийиш.

https://www.kumtor.kg/ru/kantip-zhetkir%d2%af%d2%afch%d2%af-ishkana-boluu-kerek/  

Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Коммерциялык сунуш расмий бланкта болууга тийиш.
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилип берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бардык тактоочу суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Nurzhan.Zholdoshev@kumtor.kg

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА