ИНЖЕНЕРДИК-ГЕОЛОГИЯЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 02 September 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 15-сентябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында инженердик-геологиялык бөлүмгө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Төмөнкү адистиктер боюнча жогорку билим: «Тоо–кен иши», «Тоо-кен иштерин ачык ыкма менен иштетүү», Маркшейдердик иш, гидрогеология, Геология, тоо-кен өндүрүшүнүн физикалык процесстери;
- Англис тилин билүү артыкчылык болот;
- Microsoft Office жана AutoCAD программаларын ишенимдүү колдоно билүү;
- Алган билимине ылайык кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүгө умтулуу;
- Позитивдүү эмоционалдык мамиле;
- Инсандык сапаттар: эмгекчилдик, аткаруучулук, командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
- Белгиленген график боюнча иштөөгө даярдык;
- Бийик тоолуу кенде иштөөгө жакшы физикалык формада жана медициналык жактан ылайыктуу болуу.
Милдеттер:
- Геодезиялык аспаптарды, инструменттерди жана аларды колдонууну өздөштүрүү жана үйрөнүү;
- Коопсуз маркшейдердик съемкаларды жүргүзүү жана геодезиялык аспаптарды колдонуу менен картага түшүрүү;
- Шламдык үлгүлөрдү алуу жана тандоо боюнча методиканы, ошондой эле алынган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу принциптерин үйрөнүү;
- Уступтардын структуралык өзгөчөлүктөрүн картага түшүрүү жана документтештирүү боюнча негизги көндүмдөрдү өздөштүрүү;
- Карьердин бортторуна байкоочу пункттарды орнотуу жана съемка жүргүзүү, пьезометрлерди, термисторлорду, инклинометрлерди орнотуу боюнча нускамаларга ылайык иштерди коопсуз аткаруу;
- Калдык сактоочу чарбанын объекттерине коюлган бардык талаптарды аткаруу;
- Маалымат базасын камсыз кылуу жана өндүрүш процесстерин изилдөө боюнча отчет берүү боюнча жалпы түшүнүктөр;
- Жардыруу ишинин жалпы түшүнүктөрү менен таанышуу. Жарылуунун сапатына тоо тектеринин физикалык-механикалык касиеттеринин жана ввр параметрлеринин таасири;
- Тоо-кен иштерин өнүктүрүүнүн жумалык планын түзүү методикасын үйрөнүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
- Такшалма графиги -14/14
Тандоого катышуу үчүн:
2026-жылы 15-сентябрьда саат 16.00 кечикпестен шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.