2019-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

2019-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Жарыяланган: 13 May 2019

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» («Кумтөр») 2019-жылдын биринчи чейректкги өндүрүшүн жыйынтыктаты.

КГК үч айда  150 309  унция1 же 4 675,10 кг алтын өндүрүлүп, 1,51 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которулган.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2019-ж. биринчи чейрегинде Кумтөрдө 2018-ж. ошол эле мезгилиндеги 100 220 унцияга салыштырмалуу 150 308 унция алтын өндүрүлдү. Өндүрүштүн өсүшү кайра иштетүүгө бай руда алынганына, жана мында 2018-жылы №18 участоктон топтолгон рудадан металлды ылгап алуунун пайызы жогорулашына байланыштуу. Ал эми 2018-ж. биринчи чейрегинде №17 участоктон жардыраак руда иштетилип, ылгап алуу пайызы да төмөнүрөөк болгон. 2019-ж. биринчи чейрегинде фабрикага курамы 3,73 г/т алтын руда берилип, ылгап алуу 82,0%  жетти. Ал эми 2018-ж. ошол эле мезгилинде бул көрсөткүчтөр 2,58 г/т жана 72,2% түзгөн.

Алтынды сатып өткөрүү көлөмү 2019-ж. биринчи чейрегинде 150 267 унция же 4 673,83 кг түзүп, сатып өткөрүүдөгү жалпы киреше 195,0 АКШ долларын2 түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Операциялык жумшоолор жана толптомо көрсөткүчтөр

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде) 2019-ж. биринчи чейрегинде 2,8 млн долларга кыскарып, 68,5 млн долларды түздү, 2018-ж. ушундай көрсөткүч 71,3 млн долларды түзгөн. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, бирок запастар деңгээли өзгөргөнгө чейинки негизги операциялык жумшоолордун (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кенди багуу) динамикасы төмөнкүдөй.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерине жумшоолор 2019-ж. биринчи чейрегинде жалпыс 51,3 млн долларды түзүп,  2018-ж. ошол эле көрсөткүчтөн 0,4 млн долларга көп болду.

Фабрикалык жумшоолор 2019-ж. биринчи чейрегинде 17,2 млн долларды түздү, ошол эле көрсөткүч 2018-ж. биринчи чейрегинде 15.5 млн долларды түзгөн. Өсүшкө 2018-ж. биричин чейрегинде башталган көмүрдүн майдасын кайра иштетүүгө кошумча жумшоолор (0,9 млн доллар),  катуу руданы майдалоочу шарларга жумшоолордун өсүшү (0,6 млн доллар), алтын ылгоону оптималдаштыруудан улам электр энергиясын сарптоонун өсүшү, ага кошумча электр энергияга баанын жогорулашы, реагенттерге жумшоолордун көбөйүшү (0,3 млн доллар) себеп.

Кен ишкананы багууга жумшоолор 2019-ж. биринчи чейрегинде жалпысынан 11,8 млн долларды түздү, 2018-ж. ал 12,9 млн долларды түзгөн. Бул кыскаруу биринчи кезекте өнөктөштөрдүн саны жана алардын кызматынтарынын көлөмү жана аларга акы төлөө кыскарышынан улам, кызматкерлердин эмгек акысына жумшоолор азайып, лагерди материалдык-техникалык камсыздоого жумшоолор кошо кыскарышы (0,4 млн доллар) менен байланышкан.

Башка нарктык көрсөткүчтөрдүн динамикасы:

Продукцияны сатып өткөрүүгө байланышкан жешилүү, кунарсыздануу жана амортизацияга жумшоолор өсүп, 2019-ж. биринчи чейрегинде 41,0 млн доллар болду, 2018-ж. болсо 35,6 млн долларды түзгөн. Негизинен бул №19 участоктон бай руданын түшүшүнө байланыштуу сатып өткөрүү көлөмү өсүп, кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун амортизациясынын көбөйүшүнүн натыйжасы.   Аралык өндүрүмдүн негизинде негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор4 сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде (дүң киреше салыкты кошпогондо) 2019-ж. биринчи чейрегинде 553 долларды түздү, 2018-ж. болсо 758 долларды түзгөн. Төмөндөө өндүрүмдү сатып өткөрүү көлөмүнү көбөйүшүнө жана №19 участоктогу рудалык бөлүккө чыккандан улам кыртыш ачуу иштери токтоп, ага жумшоолордун  азайышына байланышкан. Дүң киреше салыкты кошкондо аралык өндүрүмдүн негизинде негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор4 сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде 2019-ж. биринчи чейрегинде 735 доллар болду, 2018-ж. 942 долларды түзгөн. Төмөндөө негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолордун4 кыскарышына байланышкан , ал 2019-ж. биринчи чейрегинде өндүрүмдү сатып өткөрүүдөн түшкөн көбүрөөк каражаттан дүң кирешеге салыктын көбөйүшү менен жартылай теңдештирилген.

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 – Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
4 – «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2019-1-майдагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат
5 – Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» 2019-жылдын 1-майдагы пресс-релизине негизделген

 

Кыргыз Республиксынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2019-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,51 миллиард сомдон ашты.

2019-жылга прогноз

«Кумтөр» кенинде алтын өндүрүүнүн көлөмү 535-565 миң унция түзүүгө тийиш, мында алтын өндүрүүнүн жалпы жылдык көлөмүнүн 28% 2019-жылдын төртүнчү чейрегинде өндүрүлмөкчү.

 

«Кумтөр» кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2019-жылдын 31-мартына чейин Кумтөрдө жалпысынан 12,2  млн унция алтын өндүрүлгөн.

 «Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда  жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени бар жана Түркияда «Оксут Голд» кенинде кен ишкана курууда. «Центерра Голд» «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн  – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жыл, 13-майга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 430 млн доллардан ашты.

 “Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com  жана www.centerragold.com  жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

Соңу –