“Кумтөр” кенинде канадалыктар тарабынан Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана эл аралык экологиялык стандарт ченемдерин одоно бузуу фактылары аныкталды

“Кумтөр” кенинде канадалыктар тарабынан Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана эл аралык экологиялык стандарт ченемдерин одоно бузуу фактылары аныкталды

Жарыяланган: 05 October 2021

Кумтөрдө уулуу калдыктар мыйзамсыз көмүлгөн. Химиялык реагенттердин таңгактары, эски шиналар жана автоунаалар бүтүндөй бойдон кендин ар кайсы жерлерине көмүлгөн. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин адистери КГКнын тышкы башкаруучусунун командасы менен биргеликте мурда алардын бар болгондугу маалым болбогон бир нече таштанды жайларын аныкташты.

Жылдар бою кен ишканасынын өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көп бөлүгү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүшүп келишкен.  Ал полигондор бир дагы отчетто же документте көрсөтүлгөн эмес, аларды кызматкерлердин жардамы аркылуу гана табууга мүмкүн болгон. Казуу иштерине катышкандардын баары нес болуп таң калышууда.  Экологдордун айтымында, мындай калдыктарды көмүү жерлери кендин дээрлик бардык аймагында бар.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин адистери КГКнын экологдору менен биргеликте бир нече мыйзамсыз калдыктарды көмүү жерлерин казып ачышты. Тиричилик таштандылары менен аралаш уулуу калдыктар да чогуу көмүлгөн – химиялык реагенттердин таңгактары, май фильтрлери, эски шиналар, тоо-кен техникасынын тетиктери жана бүтүндөй унаалар. Атайын жабдуу кендин ар кайсы жеринде төрт метр тереңдикте дагы бир нече ири калдык көмүлгөн жерлер бар экенин көрсөтүп жатканын кендин экологдору билдиришти.

“Бул биздин өлкөнүн жаратылышына түркөйлүк мамиле. Мындай мыйзамсыз аракеттер үчүн өтө олуттуу айыптар каралган. “Центерра” Кыргызстанда контролсуз иштеди десе болот, анткени көзөмөл органдары, мурдагы текшерүүлөрдүн актыларына ылайык, кен жайда бир-эки  күн гана болушуп, жана “Центерра” уруксат берген жерлерди гана текшере алышкан”, – деп билдирди Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Динара Кутманова.

Канадалыктар Кыргызстандын мыйзамдарын гана эмес, өз өлкөсүнүн жаратылышты коргоо мыйзамдарын да бузган. 2009-жылдагы стратегиялык макулдашуу боюнча “Кумтөр” долбоору улуттук гана эмес, ошондой эле эл аралык экологиялык катаал нормаларды сактоого милдеттүү болучу. Динара Кутманованын айтымында, эгерде ушу сыяктуу бир калдык көмүү жери Канаданын кендеринде же башка батыш  өлкөлөрдүн кендеринде табылса, бул экологиялык катастрофанын белгиси болмок жана өндүрүүчү компанияны бүткүл дүйнө айыптамак.

“Негизи пайдаланылган техника жана иштетилген материалдарды көмүү туура эмес. Металлды кайра иштетсе болот, ал эми эски шиналар тууралуу болсо, муну менен иштеген кайра иштетүүчү компаниялар бар го”, – деп түшүндүрдү Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин калдыктарды башкаруу бөлүмүнүн  башкы адиси  Самат Шатманов.

Бүгүнкү күндө, КГКнын тышкы башкаруучусу Теӊгиз Бөлтүрүктүн тапшырмасы менен, “Кумтөр Голд Компаниде” катуу экологиялык көзөмөл киргизилген, ал эми бардык калдыктар сорттолуп, кайра иштетүүгө жиберилет. Энергияны үнөмдөө боюнча долбоордун ишке ашыруусу активдүү талкууланууда. Башка сөз менен айтканда, башкаларга мисал болгудай “Кумтөр” экологиялык жактан эң жооптуу ишкана болушу үчүн бардык иш-аракеттер жасалууда.

Кен ишканасындагы мыйзамсыз таштандылар жөнүндө бардык маалыматты экологдор укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүп беришти. Тергөөчүлөрдүн Кыргызстандын жарандарына да, анын ичинде мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге да, суроолору жаралышы ыктымал.