Жети-Ɵгүз районунун Кара-Булуӊ жарым аралындагы тамчылатып сугаруу

Жети-Ɵгүз районунун Кара-Булуӊ жарым аралындагы тамчылатып сугаруу

Жарыяланган: 12 October 2015

2015-жылдын 9-октябрында Ысык-Кɵлдүн Кызыл-Суу айылына жакын жердеги Кара-Булуӊ жарым аралында тамчылатып сугаруунун көргөзмө аянтын түзүүгɵ арналган салтанаттуу азем болуп ɵттү. “Кайнар Булагы” жергиликтүү жамаатынын бул демилгеси 2014-жылдан баштап Глобалдуу экологиялык фонддун Чакан гранттар программасы (ПРООН/ГЭФ ЧГП) жана “Кумтɵр Голд Компани” тарабынан колдоого алынган.

ГЭФ ЧГПдан тамчылатып сугаруу системасы үчүн материалдарды алууга жана жергиликтүү фермерлерди сууну туруктуу пайдалануу тажрыйбаларына окутуу үчүн жалпы суммасы 22 000 АКШ доллар каражат бɵлүнгɵн. “Кумтɵр” компаниясы фермерлер жамаатына 10 контейнер бɵлүм берип, алар суу топтоо үчүн чоӊ бетондолгон резервуардын курулушуна жумшалган. Ал жердеги жер астынан чыккан суу резервуарга топтолуу менен түтүк жана түтүкчɵлɵр аркылуу 32 га аянттагы жергиликтүү кɵлдүк сорттордогу мɵмɵ бакты сугарууга барат.

«Ысык-Кɵл облусунун айыл чарбасын ɵнүктүрүү биздин аймакты туруктуу ɵнүктүрүү стратегиябыздын приоритеттеринин бири. Ɵзүнɵ инновациялык жана натыйжалуу методдорду киргизүүнү камтыган долбоорлорду колдоо эки эсе кубанычтуу, алар фермерлерге ɵндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана кирешени кɵбɵйтүүгɵ мүмкүндүк берет», – деп белгиледи “Кумтɵр Голд Компанинин” туруктуу ɵнүктүрүү боюнча директору Актилек Түнгатаров.

«Ысык-Кɵлдүн Кара-Булуӊ жарым аралында жер кыртышынын топурак катмары жылдан жылга жукарып баратат, анын кесепетинен жердин арыкташы жана чɵлгɵ айлануусу жүрүүдɵ. Долбоор тамчылатып сугаруу менен питомник түзүү аркылуу жерлерди калыбына келтирүүгɵ жана Кɵлдүн мɵмɵ-жемиш ɵсүмдүктɵрүнүн эндемикалык сортторун сактоого багытталган», – деп белгиледи ГЭФ ЧГПнын улуттук координатору Евгения Постнова.

«Ысык-Кɵлдɵ алманын, алмуруттун, карагаттын жана башка мɵмɵ-жемиштердин жергиликтүү эндемикалык сортторунун акырындап жок болуусу көйгөйгө айланууда. Алар тез жана мол түшүм берген, бирок, узакка жашабаган карлик формалардагы кɵчɵттɵргө алмаштырылууда. Ошондой эле багбанчылык жана данектерден бийик мɵмɵ дарактарын ɵстүрүүнүн салттуу билимдери жоготулууда», – деп айтты «Кайнар Булагы» жамаатынын жетекчиси Чыныбек Абдыкеримов.

Жамааттын уюштуруучулары 5 жылдан ашуун убакыттан бери Кызыл-Суу айыл аймагында, атап айтканда, Кара-Булуӊ жарым аралындагы жээк жагында деградацияланып бара жаткан жерлерди бийик, салттуу мɵмɵ-жемиш дарактарын отургузуу жолу менен семиз топурак кыртышын калыбына келтирүү аракетинде. Мындай ишмердүүлүктүн натыйжасында 30 га жерге 10 миӊ алма жана алмурут кɵчɵтүн отургузуп , ɵстүрɵ алды. Азыркы учурда «Кайнар Булагы» жамааты ɵз ишине жаш фермелерди тартууну, аларга тажрыйбасын берүүнү максат кылат.

30 г аянтка уюштурулган көргөзмө тилкеси азырынча Кыргызстандагы эӊ ири болуп саналат. Бул бизнестин ыраттуу катышуусу менен жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын аракеттерин бириктирүү чынында эле бийик максаттарга жетишүүгɵ мүмкүндүк берүүчү фактыны тастыктайт!