Калдыктар чарбасы

Калдыктар чарбасы

Калдыктар чарбасынын коопсуздугун сырттан чакырылган эксперттер үзгүлтүксүз көзөмөлдөшөт.

Калдыктар чарбасы тиешелүү абалда жана коопсуз экени тастыкталган.

Калдыктар чарбасынын агындылары талаптанган сапатка жеткире тазаланат.

Калдыктар – бул тоо тектен майдалоо жана кайра иштетүү жолу менен экономикалык кызыкчылыгы бар металлдар менен минералдарды ылгап алгандан кийинки суюк жана катуу (аралашмасы пульпа деп аталат) калдыктар.

«Кумтөр» ишканасынан чыккан калдыктар 6 км узундуктагы түтүктөр аркылуу фабрикадан калдыктар чарбасына төгүлөт, жайгаштырылат жана сакталат. Пульпанын суюк бөлүгү сыртка агызылуудан мурда тазалоодон өтөт, катуу курамы калдыктар чарбасында сакталат. «Кумтөрдүн» калдыктар чарбасы пульпа өткөргүч кош түтүктөн (бирөө резервдик), калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынан, өндүрүш агындыларын тазалоочу курулмадан жана калдыктар чарбасынын айланасындагы жер үстүндөгү сууларды буруп турган эки айланма каналдан турат. Калдыктар чарбасына башкаруудан сырткары мониторинг жана көзөмөл жүргүзулөт.