ЦИФРАЛЫК ЭКИ ТАРАПТУУ (ЭКИ ВИДЕОЖАЗУУ КАНАЛЫ МЕНЕН) ВИДЕОРЕГИСТРАТОРДУ ТОЛУК КОМПЛЕКТТЕ ООР КАРЬЕРДИК ТЕХНИКА ҮЧҮН ОРНОТУУ, ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ОҢДОО МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА

ЦИФРАЛЫК ЭКИ ТАРАПТУУ (ЭКИ ВИДЕОЖАЗУУ КАНАЛЫ МЕНЕН) ВИДЕОРЕГИСТРАТОРДУ ТОЛУК КОМПЛЕКТТЕ ООР КАРЬЕРДИК ТЕХНИКА ҮЧҮН ОРНОТУУ, ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖАНА ОҢДОО МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 05 December 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 19-декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00.


Урматтуу айымдар жана мырзалар!

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) Техникалык Тапшырмага ылайык толук комплекттеги цифралык эки тараптуу (эки видеожазуу каналы менен) видеорегистраторду орнотуу жана оңдоо/техникалык тейлөө менен камсыз кылуу боюнча чектөөсүз эки пакеттик конкурс өткөрүүгө укуктуу берүүчүлөрдү катышууга чакырат жана «Кумтор Голд Компани» ЖАК компаниясы үчүн Техникалык Тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурсдук табыштамаларын берүүгө чакырат:

  1. Лот №1 – цифралык эки тараптуу (эки видеожазуу каналы менен) видеорегистратор толук комплектте оор карьердик техника үчүн орнотуу, техникалык тейлөө жана оңдоо менен.

Сиздин сунуштар документтер, тиркемелер, жана баа сунуштары менен бирге, коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек жана мөөр менен бекитилип, документтерди PDF форматында берилиши керек.

Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.

Тандоого катышууну каалагандардын баары Чакырууга №1, №2, №3 тиркемелерине ылайык формаларды толтуруш керек, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почтага жөнөтүш керек.

Катышуучулар өздөрүн табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат түрүндө жөнөтүшөт, алардын өлчөмү 25 мб ашпашы керек.

Биринчи топтомдун темасы «[Компаниянын аталышы жана лоттун номери] боюнча квалификациялык жана техникалык сунуштар» болушу керек; экинчи топтому үчүн «[Компаниянын аталышы жана лоттун номери] баа сунушу»videoreg2025@kumtor.kgдеген дарекке жөнөтүлүшү керек 

Конкурстук табыштаманы берүү тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек:

  • №1 топтомо – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
  • №2 топтомо – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).

1. Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн)
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Товардын техникалык мүнөздөмөсү;
  • Шайкештик сертификаты;
  • Товардын келип чыгышы тууралуу сертификат;
  • Сыноо протоколу (зарыл болгон учурда);
  • Салык жана социалдык фондго болгон карыздын жоктугу тууралуу маалымкаттардын сканерленген түп нускалары (Мамлекеттик Салык кызматы, Соцфонд);
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн сканерленген түп нускасы / электрондук маалымкат (юридикалык жактар үчүн); (жеке ишкерлер үчүн ИП катары каттоо күбөлүгү же жарактуу патенттин көчүрмөсү, мында ишмердүүлүк түрү сатып алуу предметине шайкеш болушу керек);
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Документтерге кол коюу ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ;
  • Кол койгон жактын паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
  • 2024-жыл жана 2025-жылдын биринчи кварталы үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган бухгалтердик баланс жана бардык тиркемелердин (Бухгалтердик баланс, киреше жана чыгаша отчету, капиталдагы өзгөрүүлөр отчету, акча каражаттарынын кыймылы отчету) сканерленген түп нускасы жана 2024-жыл үчүн БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
  • Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу тууралуу маалымат (акыркы үч жылды, учурдагы жылды кошо алганда);
  •  Конкурстук табыштаманын катышуусун кепилдик берүү жөнүндө декларация (Чакырууга №1 тиркемеси түрүндө);
  • Ачык-айкындуулук жана коррупцияга каршы декларация (Чакырууга №2 тиркеме түрүндө);
  • Банктын реквизиттери менен толтурулган жана мөөр менен бекитилген сканерленген файл;
  • Берүүчүнүн суроо баракчасын толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файл.

Резидент эместер үчүн (башка өлкөлөрдүн катышуучулары):

  • Товардын техникалык мүнөздөмөсү;
  • Товардын келип чыгышы тууралуу сертификат;
  • Сыноо протоколу (зарыл болгон учурда);
  • Мамлекеттик каттоо же кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн сканерленген түп нускасы;
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү;
  • Документтерге кол коюу ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ;
  • 2024-жыл жана 2025-жылдын биринчи кварталы үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган бухгалтердик баланс жана бардык тиркемелердин (Бухгалтердик баланс, киреше жана чыгаша отчету, капиталдагы өзгөрүүлөр отчету, акча каражаттарынын кыймылы отчету) сканерленген түп нускасы;
  • Конкурстук табыштаманын катышуусун кепилдик берүү жөнүндө декларация (Чакырууга №1 тиркемеси түрүндө);
  • Ачык-айкындуулук жана коррупцияга каршы декларация (Чакырууга №2 тиркеме түрүндө);
  • Банктын реквизиттери менен толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файл;
  • Берүүчүнүн суроо баракчасын толтурулган жана мөөр басылган сканерленген файл.

1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапта кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Экинчи этапка кабыл алынбаган катышуучулар:

  • Документтердин толук топтомосун бербеген;
  • Сыр сөзү жок биринчи топтомо менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
  • Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
  • Конкурстук табыштаманын кепилдеген декларациясы жок болгон учкрда (Чакырууга №1 тиркеме түрүндө);
  • Ачык-айкындуулук жана коррупцияга каршы декларациясы жок болсо (Чакырууга №2 тиркеме түрүндө);
  • Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырганда.
  • Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитацисынан өтпөгөн учурда.

1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүү жүргүзө алат.

  1. Экинчи этап – конкурстук табыштаманы баалоо

2.1. Экинчи этапка катышууга биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана жол берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу ылайык так түрдө толтурулат. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык так толтурулушу керек жана 60 иш күнүнүн ичинде жарактуу болушу шарт.

  • Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №3 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.

2.3. Жеңүүчү деп баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык конкурстук арыз берген катышуучу табылат.

2.5. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.

Баалоо критерийлери:

  • Жеңүүчү деп белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген, сапат / баа / жеткирүү мөөнөтү боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу табылат.
  • Конкурстук табыштаманын жеңүүчүсү менен бир жылдык мөөнөткө жеткирүү келишими түзүлөт.

Келишимге кол коюудан мурун Жеңүүчү ЗАО «КГК» ЖАКтын банктык эсебине (Реквизиттер Чакырууга №4 тиркеме) Келишимдин наркынын 5% өлчөмүндө акча каражаты түрүндө ГОИД (Келишимди аткарууну кепилдөөчү камсыздоо) киргизүүгө тийиш же Аткаруучунун келишим шарттарын аткаруу милдеттенмелерин тастыктаган кепилдик декларациясын берүүгө тийиш.

Эгерде аванс төлөмү суралса, Жеңүүчү Буйрутмачынын банкы менен корреспонденттик мамилеси бар банк тарабынан берилген, аванс өлчөмүнөн кем эмес суммадагы банктык кепилдикти камсыз кылууга милдеттүү.

Конкурска катышууга байланыштуу бардык чыгымдарды Катышуучу өз эсебинен көтөрөт.

Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын «19» декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.

  • Тандоонун Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөн (дата жана убакыттан) кеч тапшырылган конкурстук табышмалар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот. Өз сунушун тапшыруу менен катышуучу Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга, анын ичинде Чакырууга №5 Тиркеме боюнча Келишимдин шарттарына макулдугун билдирет.
  • Тандоонун ар бир Катышуучу бир гана конкурсдук сунуш бере алат.
  • Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Nurzhan.Zholdoshev@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.

Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу. Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө сөзсүз билдирет.

 

Бардык тиркемелер:

Приложение №1

Приложение №2

Приложение №3

Приложение №4

Приложение №5

Приложение №6

Приложение №7

Техническое задание