Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

01.05.2013 Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жамааттарынын продукциясы Кыргызстанда жана чет өлкөдө ийгиликтүү сатып өткөрүлүүдө

Биздин компания менен “Бир айыл – бир продукт” ассоциациясынын өткөн жылы башталган биргелешкен долбоору өзүнүн натыйжаларын көрсөтө баштады. Бул долбоордун алкактарында ассоциация тарабынан сатыл алынган жаңы жабдуу ишин баштап жатышкан ишкерлерге вареньелерди, ширелерди жана джемдерди Каракол шаарындагы жаңы цехте бардык санитардык жана гигиеналык нормаларды сактоо менен өндүрүүгө жардам берет. Түштүк жээктин иш баштап жатышкан ишкерлери вареньени салттуу мөмө-жемиштерден гана чыгаруунун үйрөнүшкөн жок. Сатып алуучулар арасында тобурчактардан жана каакымдан жасалган варенье да кеңири белгилүү болууда. Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы жамааттардын бардык продукциясы Караколдогу изилдөөчүлүк дүкөнүндө жана Бишкек шаарындагы “Дайра” дүкөнүндө сатып өткөрүлөт. Ошол эле жерден Тоң районунун жамааттарынын бири тарабынан өндүрүлүүчү кийиз буюмдарды да сатып алууга болот, алар чет өлкөлөргө да ийгиликтүү экспорттоло баштаган.

30.04.2013 Бишкекте ӨЭУлардын өкүлдөрүнүн туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү

30-апрелде Бишкекте «Кумтөр» компаниясынын демилгеси менен донор уюмдардын жана өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрүнүн Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул иш чаранын максаты – кайсы чөйрөлөрдө уюмдар өздөрүнүн аракеттерин бириктире ала турганын билүү үчүн өкмөттүк эмес сектор тарабынан Ысык-Көл областынын жана жалпы Кыргызстандын территориясында жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор менен таанышуу. Жолугушуунун алкактарында уюмдардын өкүлдөрү өз долбоорлорун тааныштырышты, башка катышуучулар менен тажрыйба алмашышты жана андан ары биргелешкен кызматташуунун мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Катышуучулар мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жолугушууга Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайлык өнүгүү боюнча, Трансперенси Интернэшнлдин, Герман эл аралык кызматташуу коомунун, Ага-Хан фондусунун, Борбордук Азия университетинин, Хельветастын, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын, “Бир айыл – бир продукт” ассоциациясынын, «АВЕП» коомдук фондусунун, «Борбордук Азиядагы Евразиянын», Өнүктүрүү саясаты институтунун жана Camp Алатоонун өкүлдөрү чогулушту.

16.04.2013 “Кумтөр” жөнүндө фильм ММКларда бизнестин социалдык жоопкечилиги темасын эң мыкты чагылдырууга конкурсту жеңип алды

Кыргызстандагы Корпоративдүү социалдык жоопкерчилик боюнча тармак (CSR Business Network) жана Өнүктүрүү саясат институту (ИПР/DPI) ММКларда бизнес-структуралардын социалдык жоопкерчилик темасын эң мыкты чагылдыруу үчүн “Өнөктөштүк – 2012” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлашты. “Экологиялык коопсуздук темасын эң мыкты чагылдыруу” номинациясында жеңүүчүлөр катарында “Кумтөр” кен ишканасы жөнүндө “Төрт курам” көп сериялуу фильми боюнча иши үчүн оператор Евгений Чичурко жана журналист Евгений Печурин таанылышты. Фильм “Кумтөр” ишканасына арналган жана анда кенди иштетүүдө сакталып жаткан экологиялык нормалар жана талаптар жөнүндө айтылат. Катары менен үч жылдан бери өткөрүлүп жаткан конкурстун уюштуруучулары белгилешкендей, бул жолу жюриге 120 иш берилген. Ошондой эле төмөнкү номинацияларда иштер да белгиленген: • “Территорияларды өнүктүрүү темасын эң мыкты чагылдыруу (жергиликтүү жамаат менен өз ара аракеттенүү)”; • “Продукциянын сапаты жана кардарлар алдындагы жоопкерчилик темасын эң мыкты чагылдыруу”; • “Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк темасын эң мыкты чагылдыруу”.

03.04.2013 «Кумтөр» компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат

Ар кандай эксперттердин, бир катар ведомстволордун жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн “Кумтөр” кен ишканасындагы экологиялык кырдаалга карата, компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн курчап турган чөйрөнүн абалына кыйратуучу таасир этет имиш деген билдирүүсүнө жооп катары “Кумтөр” компаниясы коомчулукка Германиянын жана Словениянын лабораторияларынын адистеринин отчетторунун толук тексттерин жана негизги корутундуларын сунуш кылат. Бул отчеттор Мамкомиссиянын заказы боюнча даярдалган, алар техникалык тапшырманын алкактарында Европа союзунда жана Германияда кабыл алынган нормативдерге жана процедураларга ылайык, “Кумтөр” кен ишканасында алынган үлгүлөрдү алууну жана анализдөөнү жүргүзүшкөн. Атап айтканда немец эксперттери өз отчетунда төмөнкүлөрдү белгилешет: «Суунун алынган үлгүлөрүндөгү химиялык элементтердин концентрациясы жана цианиддердин жана фториддердин концентрациясы негизинен табигый геохимиялык фондук деңгээлдерге ылайык келет. Аналитикалык көрсөткүчтөр бул изилдөө үчүн пайдаланылуучу үлгүлөрдү алуу точкаларындагы жер бетиндеги сууларда цианиддердин жана токсиндүү элементтердин ашыкча жогорку концентрацияларынын бардыгын тастыктабайт. Кумтөр дарыясынын Кумтөр кен ишканасынан дээрлик 5 км төмөн жагындагы суусундагы сульфаттардын, нитраттардын жана аммиактын концентрациясы сезимтал суу организмдерине мүмкүн болуучу жагымсыз таасир этүүгө карата дагы тыкан изилдөөнү талап кылат окшойт. Бирок, дарыянын бул участогунда башка булактар да сульфаттардын, нитраттардын жана аммиактын деңгээлинин жогорулоосуна алып келиши же өбөлгө түзүшү мүмкүн экендигин да белгилеп коюу керек. Кумтөр дарыясынын, Арабел дарыясынын жана Барскоон дарыясынын сууларынын сапаты Европа Кеңешинин 1998-жылдын 3-ноябрындагы адамдар керектөө үчүн арналган суунун сапаты жөнүндө 98/83/ЕС Директиваларынын чектүү […]