Атың чыкпаса Кумтөргө бар

Атың чыкпаса Кумтөргө бар

Жарыяланган: 12 July 2012

Кумтөр кени 1978-жылы ачылган. Ал кездеги алтындын баасы аны казып алуу чыгымдарын актоого жетпегендиктен советтик өкмөт иштетүүдөн баш тарткан.Кумтөр – башкы байлыгыбыз, алтындан асыл, акчадан нарктуу. Марттыгы дүйнөдө жок. Берген алтыны тартылган азапты, кеткен чыгымдарды, капыстыктарды – баарын унуткарууга жетет. Чыдамкайлыгына эч ким тең келбейт. Казса да, жакшы айтса да, жамандап көргө салса да кыңк этпей алтынын бергенди токтотпойт. Бирок бизге дайыма аз…

Бир кол менен алып, экинчиси менен бергенди унутпаш керек. Салынуу кашыктын сурагы эртең эле келет. Өлкөнүн көзгө басар жалгыз ишканасына ошондой жооп берчү күн ушу тапта келип калгандай. Алыскы 1994-жылдан беркиси топтолуп келип жарылып чыккандай. Көрсө, баштапкы эсептелген алтындын көлөмү кыйла көп экен. Бул жагдай билинер замат “аркан тартыш” башталган. Болбосо кел деп келтире албаган чет өлкөлүк инвестор менен келишимди кайра-кайра бычып, жаңылап, бирде мактап, бирде урушуп отуруп бүгүн жарга такалганы бир кадам калганын кантип түшүнөбүз?

Сырттан караганда баары өтө жөнөкөй. Бизде алтын көп, бирок аны казып алууга чамабыз жок. Капчыгы калың инвесторду чакырып, алтын ала баштадык. Инвестор өлкөнүн спонсору эмес, анын башкы максаты – пайда табуу. Аны кызыктырыш үчүн келишим кыргыз тарапка да, инвесторго да кызыктуу пайда алып келе тургандай болуш керек. Жөнөкөй жана түшүнүктүү шарт. Бирок кыргыз өкмөтү менен инвесторлордун мамилеси бардык тараптарды канааттандырбай келет. Инвестор менен өкмөткө жакса эл ыйлайт, элди жыргатса инвестор качып өкмөт ыйлайт. 1998-жылы алгачкы алтын алынган кезде баасы долбоордо каралгандан түшүп кетет. Өлкөдөгү эў ири ишкананы курууга кеткен чыгымдардын акталуу мөөнөтү узара баштайт. Ал ортодо цианид кырсыгы болуп, элдин ишеними кетип, Кумтөр аймактын “саан уюна” айланат. Ошол кездеги жөлөк пулдун көлөмү Жети-Өгүз районунда чакан завод куруп алууга жеткидей болгон. Бирок калкка акча жекече бөлүштүрүлүп, эл тыңгылыктуу саламаттыгына жумшабай алигиче түркүн ооруларга даттанып келет. Акча жөн эле “желип кеткен”. Бул жанагы “саан уйдун” эрасы түптөлгөн кез десек болот. Ошондон бери жардам катары же милдеттүү төлөм катары Кумтөр берген акчалар самандай сапырылып, суудай сиңип жок болду. Кыргыз тарап түшкөн акчаны кайра өндүрүшкө жыйнап салууга дарамети жетпегени үчүн кайрадан эле баягы “саан уй” күнөөлүї болуп чыкты. Т.Сариевдин завод куруп койсо болмок деген сөзү эсиңердеби? Алтын өндүрүүгө адистешкен ишкана өкмөттүн милдетин мойнуна алып элге кандай ишкана ачып берсе болот болдукен? Мындай кордукка чыдабайм деп басып кетчү жерде инвестор неге кармалды? Туура, алтын баасы 10 жыл күтүүлөрдөн кийин кескин жогорулап, баштапкы 240тан 1500 долларга өстү. Киреше көбөйгөнү алтындын изин кууп, геологиялык чалгындоо иштерин улантууга жол ачты. 2014- жылга чейин эсептелген алтын андан көп болуп чыкты. Муну билгенде биз алтынды жеке өзүбүз гана иштетсек деген ой келип, инвесторлорду кетирүү амалын ойлоно баштадык.
Ал ортодо бийлик эки жолу алмашты. Инвестор менен иш алпарчу бийлик өкүлдөрү андан да көп ирет кетип, инвестор өзү да баштапкы “Камекодон” азыркы “Центерра Голд Инк” болуп өзгөрдү. Алгачкы түзүлгөн келишимдердин биринде 2007-жылы “Кумтөр Оперейтинг Компани” толук кыргыз тарапка өтмөк. Ошол саптар көп адамга уйку бербей канча жол тосуулар уюштурулуп, канча саясатчынын аты эл оозуна алынды. Жети-єгүздүктөргө социалдык жоопкерчилик саясатынын негизинде же ансыз деле тынымсыз жардам көрсөтүп келген “саан уй” саясый пьедесталга жетүүдө “карьералык шаты” ролун да ойной баштады. Инвесторлук долбоор болбосоң кое кал! Алтынды казып атат, эли жумуш менен камсыздалган, салыктар бюджетке, сатылган алтындын көлөмдөрү макроэкономикалык көрсөткүчтөргө тимеле жарашат. Ысык-Көл өнүктүрүү фондусуна өзүнчө кеткен акчаларга канча губернатор капчыгын кампайтты? Канчалаган облустун тойлору жана маарекелери өттү? Мектептер, бейтапканалар курулуп, оңдолду, чиркин. Бирок мунун баары кеп эмес экен. Инвестор акыры “кылым кылмышкерлери” деп аныкталды. Садыр Жапаровдун отчету эсиңердеби? “Саан уй”, “карьералык шаты” эми “кылым кылмышкерлери”. Мындай күнөө тагуунун себеби бар. Бири элге айтылган, экинчиси, көмүскөдө. Элге айтылганы, экологиялык нормалар сакталбай айлана-чөйрөгө миллиарддаган долларларга келтирилген зыян. Бул жерде кичинекей түшүнүксүз нерсе – бычылган баасы. Аны ким аныктады? Жолдош депутатка кымындай бөлүгү болсо да мекенибизге супермаркеттегидей баа тагууга ким уруксат берди экен? Эмне үчүн дыкат көзөмөл алдында калыбына келтиргиле дегендин ордуна акча төлөгүлө дейбиз? Ал акчага башка жер сатып алабызбы? Кенди казганга чамабыз жок болсо аны калыбына келтирүүгө бар бекен, ошого миллиарддар жумшаларын ким кепилдик кылат? Бул жанагы эле “саан уй” схемасы боюнча бирок ири масштабда аткарылган иш жана ага туура эмес же ырас кылдыңар деген баа берүүдөн алыспыз. Экономикалык баасын Торонто биржасы биздин акциялардын кулашы менен берди. Саясый баасын эл өкүлдөрү тыянак чыгарып, кайра жаңы комиссия түзүү менен баамдады. Жогорудагы күнөө тагуунун көмүскө себеби – акча. Мамлекеттик казынанын тартыштыгы тез түрдө каражат булактарын табууну талап кылат. Колдо бар алтынды убагында баалап, анын үзүрүн көрүї үчүн “Центерра” менен келишимди өзгөртүш керек. Бирок жакшы турган ишканага келишим шарттарын өзгөртүү үчүн мыйзам чегиндеги орчундуу негиз керек. Экологиялык абалдын начарлашы эң ыңгайлуу себеп болуп бере аларын Кумтөргө 2011-жылкы депутаттык сапар учурунда Равшан Жээнбеков биринчилерден болуп сунуштаган. Ошол топтогу эл өкүлдөрү Петров көлүнөн алынган сууга акча төлөтсөк бюджетке дагы кошумча болот деген ойлорду айтышкан. “Саан уй” саясаты эмес бекен? Коңшу өлкөлөргө суубузду сатып жатабызбы? Экологияны жашаган жерибизде сактап атабызбы?

Өкмөт башчысы өзү да Кумтөргө чыгып келди. Аны да коштоп бардык. Бабанов журналисттерге бардык кен ишканаларын ушундай текшеребиз, журналисттерди ал жактарга да алпарабыз деп сүйүнттү. Кечкеле Кумтөр жөнүндө баяндай берип, андан башка жерибизде алтын жоктой. Буюрса, ал жактардан да кабар беребиз. Башка кен ишканалар эмнеге даяр турушу керек? Эң алгач экологиялык абал. Алтын өндүрүү оор химиялык жолдорду басып өтөт, зыян келтирбей койбойт. Бирок бийлик зыянсыз иштөөнү талап кылат. Анын амалын ойлоно баштагыла. Андан кийин кызматкерлердин маянасы. Кумтөрдүкүнөн аз болсо кантесиңер? Эки миң доллардан жыйырмага чейин көтөрүлсүн деген акыркы депутаттык комиссиянын Кумтөргө сунушу эсте барбы? Дагы бир маанилүү жери – таштандыларды сактоо. Хвостохранилище менен алмаштырбаңыздар, кадимки эле свалка же полигонду айтып жатабыз. Бабановдун көңүл буруп, кескин сынга алганы ушу болду. Кендин ишине керектүү жүздөгөн заттар ташылат, алардын пластик, жыгач жана темир таңгактары, жарактан чыккан техника жана тиричилик таштандыларды кандайча жоготуп жатасыңар? Өлкөдө бир да таштандыларды кайра иштетүүчү мекеме жок экенин билесиңер. Мисалы, жарактан чыккан аккумуляторлор, дөңгөлөк шиналары, пластик өзгөчө шартты талап кылат. Алар өтө зыяндуу. Аларды бир жерге топтоого уруксат кагаз алдыңар беле? Жок болсо “кылым кылмышкери” атына конорун билесиңерби? Чет элдин жараны, аттуу- баштуу инвестор болсоңор да өксүк комплексине кабылган өспүрүмдөр топтошуп алсыздарды келекеге алгандай абалда Жогорку Кеңеште депутаттар менен өкмөт мүчөлөрү алдында тик туруп сөз угуп калышыңар мүмкүн. Чыныгы кылмышкердей абалда туруп жооп бергениңерди жамы журт баары түз берүүдөн угуп-көрүп, басылмалар көпкө чейин ийне-жибине чейин талдашат. Ошондой коомдук басымга чыдай алгандай күч топтой баштасаңар болот. Же өкмөт менен биргелешип таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана курууга белсенгиле. Алтын казууга адистешкен ишкана болсоңор эле биздин муктаждыктарды чечпейсиңер деп ким айтты? Келишимби? Аны кайра өзгөртүп алуу опоңой. Кумтөрдү эле ачык талдап, силердикин жабык эшик артында чечет дегенден үмүт үзсөңөр болот. Анткени ага биринчиден журналисттер, экинчиден, силердин ишканалар жайгашкан жердин калкы жол бербейт. Жең ичинен сүйлөшүп алуудан да үмүт үзгүлө. Паракор саясатчылардын бардыгы өлкөдөн куулган, калганы чекесинен камалып, күрөш жүрүп жатат. 2010-жылкы жүз миллион сом чыгашасын Кумтөрдүн кирешеси менен жабылган Макмал 2011-жылы дароо кирешеге чыкты. Мейли аз болсо да, иши кылса чыгаша эмес. Кунарсыз өткөн күндөрүн бүгүн эч ким депутаттык комиссия түзүп иликтебейт. Анткени ал жерде миллиард талап кылчу инвестор жок. Ал кен өзүбүздүкү. Ага сөз тийгизүүгө да болбойт, патриоттуулукка жатпайт!

Кумтөрдөгү экологиялык абал анын келишиминдей тумандуу. Аны өз көзү менен көргөндөр аз, бирок сынга алып талап койгондор, а жөнүндө жомоктор толтура. Жаңысын премьер-министр менен барганыбызда угуп келдим. Эми анекдот катары айтайын. Кумтөрдөгү Петров мөңгүсү карьерди басып калуу коркунучунда, андай болуп кетсе Нарын дарыясы соолуп калат имиш. Күлкүлүү бекен? Жок болсо картаны караңыздар. Петров мөңгүсү карьерден алыс жерде турат. Кен Давыдов мөўгүсүнїн алдында. Ооба, мөңгүлөр табигый кыймылда, бирок ал карьерге түшүп кетпейт. Ал карьерге толугу менен батпайт. Кендин кандай жайгашканын үйдөн отуруп деле интернеттеги гугл картасынан карап таанышса болот. Ошондо жомоктор азаяр беле? Экологиянын чыныгы абалына баа берүү үчүн чындап көз карандысыз, (көз карандысыз дегенди баса белгилегим келет) адистерди чакыруу шарт. Ишкананын отчетторуна эл ишенбейт, депутаттар чакырган адистер да “төлөнгөн”, өкмөттүкү Кумтөргө “сатылган” деген ой калыптанган. Ишеним жок. Көз карандысыз акча таап, ага көз карандысыз экологдорду чакырып тыянак алсак чындыкты билмекпиз. Бирок ал тоонун чокусу көрүнбөйт. Кендин аймагында жүргөн тоо текелер, хвостохранилищенин этегинде өскөн мамыры (эдельвейс) бизге көрсөткүч эмес. Станиславскийдин “ишенбейм” дегенин эле кайталайбыз. Жарга такалууга бир кадам калды. Андан кийин эл аралык араздашуу туңгуюгу. Кыргызстанга, депутаттар кетирүүнү каалаган азыркы өкмөткө андай баш оору эч кереги жок. Бул маселе сүйлөшүүлөр аркылуу акыры чечилип, инвестор жаңы келишим түзүп ишин улантары бышык. Бирок кыргыз журту бул окуядан кандай сабак алар экен? Талдап отуруп себептердин себеби эгемендүүлүк колго жаңы тийген кезде жатканы көрүнөт. Бийликти колуна берген адамдар эл кызыкчылыгын көздөбөгөнүн, туура эмес келишимдерге ошолор кол койгондорун айтып жатабыз. “Кумтөр Оперейтинг Компани” иштеш үчүн чыгарган мыйзамдар, талап кылынган түркүн нормалар, анын ичинде экологиялык негиздер чала берилгени анык. Ошол чала иштеген чиновниктер менен адистер 20 жылдан бери Кумтөрдү текшерип, баары жакшы деген тыянак берген комиссиялар элге да, инвесторго да каршы иштеген. Ал “зор эмгегинин” үзүрүн бүгүн 800 барактык отчет аркылуу алдык. Баары жаман, баары туура эмес. Чыныгы “кылым кылмышкерлери” ошолор эмес бекен? Инвесторду чакырып алып ага туура талап кое албаган, “саан уй”, “карьералык шаты”, “кылым кылмышкери” кылган кыргыз тарап эл аралык коомчулук алдында ким болдук экен? Бул биз эмес, бизге чейинки бийлик деп актанууга укугубуз барбы? Андай болсо “Центерра” деле ошол качкындарыңардан доолап алгыла дегенге укуктуубу? Бирок “Центерранын” эң ири акциялар пакети бизде да, акыры барып суроолордун баары өзүбүзгө болуп жатат. Канадалыктарды чакырган өзүбүз. Көзөмөлдү чала жүргүзүп, келишимди чала түзүп, акциялардын баасы 1,5 миллиард кезинде өлкө пайдасына колдонуп калбаган да өзүбүз. Бирок Кыргызстанда ар дайым сырткы күчтөр күнөөлүї. Жоопкерчиликтен коркуп, арта салуу оңой да.
Канткен менен алтын өндүрүү токтогон жок. Болгону бир аз өндүрүмдүүлүгү басаңдады. Алтындын дүйнөлүк баасы ушу дэңгээлде турса ишкана дагы далай комиссияны көтөрөт. Качан кирешеси “кызыксыз” деңгээлге түшкөндө аты, бардык аттары унуткарылат. Бетеге кетип бел калар, бектер менен инвесторлор кетип эл калар.

Жаны Агым, жума 13/07/12
Нуржан АЛЫМКАНОВА
Cүрөттөр www.kumtor.kg, жана автордуку