Жарыяланган: 16 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Сиздерди атайын кийим-кече жана жеке коргоочу каражаттарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын берүүгө суроо чакырат.
| Товарлардын тизмеси:
|
Лот №1
1. Кышкы курткалар 2. Аялдар үчүн кычкылдыктарга туруктуу костюмдар 3. Жер астындагы иштерде колдонулуучу жилеттер 4. Отко чыдамдуу костюмдар Лот №2 5. Ысыкка туруктуу костюмдун беткап калканы Болунуучу лоттор. Товарлардын тизмесине карата техникалык тапшырмалар ушул документке тиркелген. |
| Тапшыруу форматы: | Катышуу өтүнмөсү жана башка документтер арызга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
1) Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/ 2) Конкурстун талаптарына ылайык, орус тилиндеги катышуу өтүнмөсүн жана талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн даярдап, аларды электрондук форматта Siz2026@kumtor.kg электрондук дарекке Бишкек убактысы боюнча 2026‑жылдын 20‑февралы саат 13:00гө чейин жөнөтүүлүшү керек. |
| Катышуу үчүн арыз төмөнкү документтерди камтышы керек: | Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн тапшырылган коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
· Товардын аты; · Техникалык сүрөттөмө; · Бардык салыктарды жана Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүү чыгымдарын эске алган баа; · Жеткирүү убактысы; · Төлөм шарттары; · Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү тапшырылган күндөн тартып кеминде 30 календардык күн. · Милдеттүү түрдө: сунушталып жаткан товарга сертификат берүү керек. |
| Баалоо критерийлери: | Жеңүүчү болуп Техникалык тапшырмадагы товарга коюлган техникалык талаптарга толук жооп берген жана эң төмөн бааны сунуштаган коммерциялык сунуш таанылат. |
| “Siz2026” темасын камтыган сунуш 2026-жылдын 20-февралында саат 13:00гө чейин Siz2026@kumtor.kg электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы Келишим берилгенге чейин каалаган бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпайт. | |
| Коммерциялык сунуш расмий бланкта болушу керек. | |
| Тандоо катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин тапшырылган коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун тапшыруу менен, Катышуучу компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот. Ар бир тандоо Катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат. |
|
| Бул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек: adina.azykova@kumtor.kg. | |
| Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор акыркы сунуш тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда жөнөтүлүүшү керек. | |
Тиркемелер: