Саламаттык менен эмгекти коргоо

Саламаттык менен эмгекти коргоо

– Кен ишканасында радиация барбы?

– Кен ишканасынын аянтында радиациянын орточо деңгээли 17мкР/саатты түзөт, салыштыруу үчүн айтсак, Кыргызгидрометтин маалыматтары боюнча, Кыргызстанда орточо деңгээл 20 мкР/саатты түзөт, а жогорку болуп 60 мкР/сааттан жогорусу эсептелет.

– Калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын жырып кетүүсү мүмкүнбү?

– Калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын долбоору Кыргыз Республикасынын алдынкы эксперттери жана «BGC Engenering» консалтинг компаниясынын (Канада) адистери тарабынан иштелип чыккан. Калдыктарды сактоочу жай жада калса Петров көлү ташып кеткендеги сыяктуу өзгөчө кырдаалдар да ага тийбей тургандай кылып жайгаштырылган. Күн сайын, эки жүздөн ашуун датчиктер инженерлерге дамбанын абалына көз салып туруусуна жардам берет.

– Кумтөрдүн цианиддерди жөндөө тартиби кандай?

– Эл Аралык Цианид Жөндөө Институту Кыргыз Республикасында Кумтөрдүн Цианид Ташуу Ишмердүүлүгү Эл Аралык Цианид Жөндөө Кодексине толук ылайык келээрин 2015-жылы 14-сентябрда ырастаган. Буга кошумча, цианидди колдонууда жана иштетүүдө Кумтөр аталган Кодго “толук кандуу шайкеш” келээри аныкталган.

-Кен ишканасында иштөө канчалык коопсуз?

– Компаниянын кызматкери өз ишинде «Ал үчүн коопсуздукка текебер мамиле жасай турганчалык маанилүү иш болбойт» деген принципти жетекчиликке алат.
Ишканада коопсуздук техникасын сактоо боюнча план иштейт, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
ТРЕНИНГДЕРДИ: Компаниянын же подряддык уюмдардын кызматкерлеринин эч кимисинин коопсуздук техникасы жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча үч күндүк окуудан өтмөйүнчө ишке киришүүгө укугу жок. Ишке киришүүгө өздөрү уккан темалар боюнча экзаменди ийгиликтүү тапшырышкан кызматкерлерге гана жол берилет.
КУТКАРУУ КЫЗМАТЫ: Ишканада өзүнүн куткаруу кызматы бар, анда 4 тоо-кен куткаруу командасы бар. Ар жумалык тренингдерден өтүү менен алар ар кандай күтүүсүз кырдаалдарга көңүл бурууга жөндөмдүү. «Кумтөрдүн» командалары куткаруучулардын эл аралык мелдештеринде байгелүү орундарды ээлешет.«Кумтɵр Голд Компанинин» тоо-кен куткаруучулары жалаң ыктыярчылардан куралган, алар «Кумтɵр» кен ишканасында тренингдерден жана даярдыктан дайыма ɵтүп турушат, ошондой эле куткаруучулардын мамлекеттик үлгүдɵгү күбɵлүктɵрүнɵ жана сертификаттарына ээ.

– Ким кызматкерлердин саламаттыгына көз салып турат?

– Кен ишканасында биринчи жардам көрсөтүү жана компаниянын кызматкерлеринин саламаттыгын текшерип туруу үчүн бардык зарыл каражаттар менен жабдылган медициналык пункт иштейт. Ошондой эле бардык жумушчулар борбордогу клиникалардын биринде ар жылдык медициналык кароодон өтүшөт.

СУРОО-ЖООПТОРГО КАЙТУУ