«Кумтөр» компаниясынын жана Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоорунун биргелешкен долбоору Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда

«Кумтөр» компаниясынын жана Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоорунун биргелешкен долбоору Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда

Жарыяланган: 16 July 2013

«Кумтөр» компаниясынын жана Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоорунун биргелешкен долбоору Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунда ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда Ак-Дөбө жана Липенка айыл аймактарында жалпы аянты 2 000 га болгон эки жер участогу айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизилмекчи. Ошентип, долбоордун негизги максатына – топурактын асылдуулугун жана ирригация системасын калыбына келтирүү менен айыл чарба жерлеринин деградациялануу процессин токтотууга жетишилмекчи. Калыбына келтирилген ирригация мамлекеттик жер участокторун кайра катарга кайтарууга жардам бермекчи, алар жерлерди кайра бөлүштүрүү фондуна киргизилет, а андан кийин аукциондон кызыкдар адамдарга сатылмакчы.

Липенка айыл аймагында «Самат-Көл» дамбасын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүүдө, 250 кВт кубаттуулуктагы насос станциясы жана 430 кВт трансформатор орнотулду. Жаңы ЭБЛардын жалпы узундугу 3 км түздү. Ага жарыш эле жергиликтүү эки подряддык уюмдун адистери шлюздун негиздерин бетондошууда. Жакынкы мезгилде коргонду куруп жана лоток каналдарын ремонттоп башташмакчы. Насос станциясынын коопсуз ишин, ошондой эле дамбанын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн селди тосмолоочунун курулушу каралган.

Кошуна Ак-Дөбө айылында 30 000 кубометр сыйымдуулуктагы суткалык жөнгө салуучу көлмөнү (СЖК) калыбына келтирүү жана тазалоо боюнча иштер жүрүп жатат. Жакында участокто суу топтоочуну куруу боюнча иш башталмакчы. СЖК фермерлерге суткасына 500 га жерди сугарууга мүмкүндүк бермекчи.

Липенкадагы иштерди үстүбүздөгү жылдын сентябрына, а Ак-Дөбө айыл аймагындагы иштерди – ноябрга карата аяктоо пландаштырылууда.

Бул долбоор 2013-жылдын майында башталган. Жерлерди реабилитациялоо боюнча талап кылынуучу 200 миң АКШ доллары суммасындагы каражат «Кумтөр» компаниясы тарабынан бөлүнгөн. KAED долбоору жана жергиликтүү фермерлер адистерди жана жумушчу күчүн беришет. Жергиликтүү калк жана KAED тарабынан салым 170 миңге жакын АКШ долларын түздү.