Жарыяланган: 05 November 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 21-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 11:00 чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК, 2026-жылы Кумтор кенин 3D геологиялык-структуралык моделдөө жана геотехникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү кызматтарын сатып алууга эки пакеттүү ыкма менен катышуучулардын саны чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
Конкурстун катышуучулары 2025-жылдын 21-ноябры саат 11-00дөн кеч эмес (Бишкек убактысы боюнча) тиешелүү формаларды толтуруп жана талап кылынган документтерди тиркеп, өзүнүн конкурстук өтүнмөлөрүн электрондук түрдө берүүгө тийиш.
Конкурстук өтүнмө конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация түрүндө конкурстук өтүнмөнүн аткарылышын кепилдик камсыздоо менен бирге берилиши керек.
Конкурстук өтүнмө 60 календардык күн ичинде жарактуу болууга тийиш. Кошумча маалыматты же конкурстук документтердин түшүндүрмөлөрүн алуу үчүн конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 күн мурун 2025-жылдын 18-ноябры саат 12-00дөн кеч эмес (Бишкек убактысы боюнча) Gulnur.Shirdakova@kumtor.kg почтасына суроо-талапты жөнөтүү керек. Сатып алуучу уюм анын көзөмөлүнөн тышкары жагдайлардан улам пайда болгон ар кандай кечиктирүүлөр үчүн жооптуу деп эсептелбейт.
| Берүү форматы: | Конкурстук өтүнмө жана башка документтер өтүнмөгө кол коюу ыйгарым укуктарына жана келишим боюнча милдеттенмелерге ээ болгон адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилиши жана PDF форматында берилиши керек. Кол коюучу адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат менен тастыкталышы же тиешелүү документтердин көчүрмөлөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Конкурстук сунушту даярдоодон мурун катышуучу Конкурстук өтүнмөнү даярдоо боюнча нускама (жеткирип берүүчүлөр үчүн) (1-тиркеме) менен таанышууга тийиш Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн өзүнчө эки катты тариздөө керек. Квалификациялык документтер жана финансылык сунуш бир убакта, бирок ар башка кат менен берилүүгө менен тийиш: Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темада «Квалификациялык документтер_3D моделирование» деп көрсөтүлөт; Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темада «Финансылык сунуш_3D моделирование» деп көрсөтүлөт. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Конкурстун катышуучулары катышууга сунушту конкурстун талаптарына ылайык орус же орус тилинде берүүгө, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркөөгө жана аларды 2025-жылдын 21-ноябры саат 11:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) электрондук түрдө modeling2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүүгө тийиш.
Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн өзүнчө эки катты тариздөө керек: Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет; Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Техникалык тапшырма эки баракта тиркелет (8-тиркеме). |
| 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүк | |
| Катышууга сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыкдар болууну тастыктаган кат, өтүнмөнүн формасы тиркелет (2-тиркеме) |
| Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү | |
| Негизги иш түрүн аныктоочу документтин сканерленген көчүрмөсү (Устав), ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; | |
| 2023-2024-жылга финансылык туруктуулукту тастыктаган документ | |
| Жогорку геологиялык билими бардыгын тастыктага документ | |
| Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация, формасы тиркелет (3-тиркеме) | |
| Конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация, формасы тиркелет (4-тиркеме) | |
| Кендерди структуралык моделдөө боюнча 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар экенин тастыктоо жөнүндө документ | |
| Квалификациялык талаптар: | – Жогорку геологиялык билим
– Квалификациялуу геологдун эл аралык сертификаты (мисалы, P.Geo, EurGeol же ушул сыяктуу). – Запастар боюнча эл аралык отчеттуулук стандарттарын билүү (CRIRSCO, JORC, NI 43-101 ж.б.). |
| • Кендерди структуралык моделдөө боюнча кеминде 5 жылдык тажрыйба. • Геология жана геомеханика тармагындагы эл аралык адистер менен иштөө тажрыйбасы. |
|
| • Оrogen тибиндеги алтын кендериндеги геологиялык структураларды жана алардын өз ара аракетин билүү. | |
| • Кендерди 3D моделдөө үчүн программалык камсыздоону жакшы билүү: Leapfrog Geo, Gemcom, Surpac, DataMine же ушул сыяктуу программалар. | |
| • Геологиялык жана геотехникалык маалыматтарды интерпретациялоо жөндөмү. | |
| • Ишти аткаруу үчүн зарыл болгон лицензияланган программалык камсыздоо жана жабдуулардын болушу. • Техникалык англис тилинде кесиптик деңгээлде баарлашууга жана документ даярдоого жетиштүү деңгээлде билүү. • Чет элдик консультанттар жана адистер менен натыйжалуу кызматташуу жөндөмү. • 4000 метрден жогору бийиктикте жана катаал аба ырайы шарттарында иштөөгө мүмкүнчүлүк берген физикалык ден соолук. |
|
| Иштин жыйынтыгына коюлган талаптар | • Ар бир кенге баргандан кийин алдын ала жыйынтык презентациясын өткөрүү. • Ар бир кенге баруунун соңунда мындан аркы аракеттер жана түзөтүүлөр боюнча сунуштарды берүү. • Маалыматтарды лицензияланган программалык камсыздоодо иштеп чыгуу жана жыйынтыктарды андан ары иштеп чыгууга жана колдонууга ыңгайлуу форматта берүү. • Отчеттордун форматы андан ары иштеп чыгууга жана иш процесстерине интеграциялоого ыңгайлуу болушу керек (PDF, Word, 3D-модель, таблицалар ж.б.). |
| • Карьердин капталдарында жүргүзүлгөн структуралык карталоонун жыйынтыктары боюнча ай сайынкы обзордук отчетторду берүү. • Кумтор кенинин 3D геологиялык-структуралык моделин геотехникалык анализ жана тоо-кен иштерин пландаштыруу үчүн жарактуу форматта берүү. |
|
| • Геологиялык объекттердин сүрөттөлүшүн жана классификациясын берүү, анын ичинде жаракалар, сланецтүүлүк, структуралык зоналар жана башка элементтер. • Бургулоо, карталоо жана кернди изилдөө учурунда алынган геологиялык-структуралык маалыматтардын анализин жана интерпретациясын берүү. |
|
| • Кенге болгон ар бир визиттен кийин отчеттор визит аяктаган күндөн тартып эки жуманын ичинде Заказчыга тапшырылышы керек. | |
| Биринчи этапты баалоо критерийлери: | Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана сураган документтердин толук пакетин берген жак конкурстун биринчи этабынан өттү деп таанылат.
Тандоого катышуучулар техникалык тапшырмага ылайык квалификациялык жана техникалык маалыматтарды тастыктоо үчүн талап кылынган бардык документтерди тапшырууга милдеттүү. |
| Финансылык сунушту берүү тартиби | 2-этап: Сунуштун финансылык бөлүгү: |
| Финансылык/коммерциялык сунуш пароль коюлган архивде берилиши керек, өтүнмөнүн формасы тиркелет (7-тиркеме). Пароль бул конкурс боюнча жооптуу адамдын суроо-талабы боюнча берилет.
Архивдин паролу кеминде 8 символдон турууга тийиш жана 1 санды, 1 символду, кеминде бир баш тамганы жана бир кичине тамганы камтууга тийиш. Катышуучунун расмий бланкындагы финансылык/коммерциялык сунуш жумуштардын наркын, аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөө шарттарын көрсөтүү менен, «Кумтор голд компани» ЖАКга жөнөтүлөт. Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардын гана паролдору суралат. Финансылык/коммерциялык сунушту паролсуз же квалификациялык документтер менен бирге берген учурда сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. |
|
| Төлөө шарты | • Төлөм кызмат көрсөтүүлөр актысына ылайык, аткарылган иштер тапшырылгандан кийин жүргүзүлөт. |
| Темасын көрсөтүү менен Катышууга сунушту modeling2026@kumtor.kg электрондук почтасына 2025-жылдын 21-ноябры саат 11:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.
Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет. Темада «Квалификациялык документтер _ 3D моделирование » деп көрсөтүлөт; Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темада «Финансылык сунуш_3D моделирование » деп көрсөтүлөт. |
|
| Тапшырыкчы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин каалаган убакта конкурсту токтотууга укуктуу, мында конкурстун катышуучуларынын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпайт. | |
| Катышууга сунуш катышуучунун расмий бланкында болууга тийиш. | |
| Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин конкурстун катышуучулары тарабынан берилген катышууга сунуш кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга өзүнүн макулдугун билдирет. Конкурстун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунушту бере алат. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтү 60 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш. Конкурстук сунуштун колдонуу мөөнөтүндө катышуу сунушуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет. Бул келишимдин долбоору акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөрүшү мүмкүн (6-тиркеме). |
|
| Ушул конкурска байланыштуу бардык суроолор жана конкурстун шарттарын түшүндүрүү үчүн суроо-талаптар сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү башталганга чейин 3 календардык күн мурун gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарегине электрондук почта боюнча жөнөтүлүшү керек. | |
| Келишим биринчи жана экинчи этаптан өткөн жана эң аз наркты сунуштаган катышуучуга ыйгарылат. | |