КАПИТАЛДЫК КУРУЛУШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

КАПИТАЛДЫК КУРУЛУШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 09 June 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-июну, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу ЖОЖдын бүтүрүүчүлөрү арасында капиталдык курулуш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Төмөнкү багыттардын бири боюнча жогорку билим:
    – Курулуш (өнөр жай жана жарандык) артыкчылык берилет;
    – Тоо-кен иши;
    – Энергетика;
  • Офистик программаларды билүү (Word, Excel), AutoCAD (артыкчылык берилет).

Милдеттер:

  • Бөлүмдүн долбоордук жана башка документтерин сактоо жана архивдөө;
  • Документтердин электрондук архивин системалаштыруу;
  • Бөлүмдүн кирүүчү жана чыгуучу техникалык документтеринин реестрин жүргүзүү;
  • Курулуш жана капиталдык оңдоо объекттери үчүн эскиздик чиймелерди жана схемаларды иштеп чыгуу;
  • Уруксат берүүчү документтерди жана мамлекеттик органдардын экспертизаларын алуу үчүн документтер пакетин даярдоо;
  • Жетекчиликтин тапшырмасы боюнча баяндама жана кызматтык каттардын, расмий каттардын долбоорлорун жана кеңешмелердин протоколдорун даярдоо;
  • КГКнын профилдик бөлүмдөрү менен биргеликте долбоордук документацияны текшерүүнү уюштуруу;
  • Аткарылып жаткан иштер боюнча аткаруу схемаларын даярдоо;
  • Долбоорлоо жана курулуш уюмдары менен жолугушууларды уюштуруу;
  • Такшалма өтүүнун алкагында жетекчинин жана бөлүм адистеринин башка тапшырмаларын аткаруу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:

2026-жылы 23-июнда саат 16.00 кечикпестен шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.