«КӨЛӨМҮ 50 000 М³ БОЛГОН КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАТЕРИАЛДАР (КММ) КАМПАСЫН КУРУУ» ОБЪЕКТИСИ БОЮНЧА ДОЛБООРДУК-СМЕТАЛЫК ДОКУМЕНТАЦИЯНЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КУРУЛУШ-МОНТАЖ ИШТЕРИН АТКАРУУ БОЮНЧА

«КӨЛӨМҮ 50 000 М³ БОЛГОН КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАТЕРИАЛДАР (КММ) КАМПАСЫН КУРУУ» ОБЪЕКТИСИ БОЮНЧА ДОЛБООРДУК-СМЕТАЛЫК ДОКУМЕНТАЦИЯНЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА КУРУЛУШ-МОНТАЖ ИШТЕРИН АТКАРУУ БОЮНЧА

Жарыяланган: 10 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 28-июлу, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК чектөөсүз катышуу менен өткөрүлүүчү, эки пакеттүү ыкмадагы «Көлөмү 50 000 м³ болгон күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) кампасын куруу» объектиси боюнча долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу жана курулуш-монтаж иштерин аткаруу боюнча конкурска катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Конкурстук табыштама жана конкурстук сунуштун курамына кирген башка документтер конкурстук табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Көрсөтүлгөн документтер мөөр менен күбөлөндүрүлүп, PDF форматында электрондук түрдө берилиши зарыл. Конкурстук табыштамага кол коюучу адамдын ыйгарым укуктары ишеним кат же мындай ыйгарым укуктарды ырастоочу уюштуруучу, тескөөчү же башка документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.

Конкурстук сунушту даярдоого киришерден мурда катышуучу конкурстук документациянын 1-тиркемеси болгон Конкурстук табыштаманы даярдоо боюнча нускама (жеткирүүчүлөр үчүн) менен таанышып чыгып, анда белгиленген талаптарды толук сактоого милдеттүү.

Сунуштарды берүү тартиби

 

Конкурстук табыштама (2-тиркеме) төмөнкү документтер менен кошо берилүүгө тийиш::

– Конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация (ГОКЗ) – 4-тиркеме;

– ак ниеттүүлүк декларациясы 3-тиркеме.

Конкурстук табыштама 90 календардык күндүн ичинде жарактуу болууга тийиш.

Конкурстун катышуучулары конкурстук документациянын талаптарына толук ылайык келген жана орус тилинде даярдалган катышуу табыштамасын берүүгө милдеттүү.

Табыштамага конкурстун шарттарында каралган ырастоочу документтердин зарыл көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш.

Конкурстук табыштама жана ага тиркелген документтер «50 000 м³ ГСМ кампасы» деген теманы көрсөтүү менен электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүлүүгө тийиш: Sclad-GSM-2026@kumtor.kg Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 28-июлу саат 10:00гө чейин. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн табыштамалар каралбайт.

Конкурс эки этап менен өткөрүлөт, ар бир этап үчүн өзүнчө эки электрондук кат жөнөтүлүшү керек:

Биринчи кат (1-этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүк боюнча документтер менен берилет. Каттын темасында: «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүлүшү керек;

Техникалык тапшырма ушул конкурстук документацияга тиркелген.

Экинчи кат (2-этап үчүн), каржылык сунуш камтылган документтер менен берилет.

Конкурстун катышуучусу конкурстук табыштаманын наркын (баа сунушун), ошондой эле «50 000 м³ көлөмүндөгү КММ кампасын куруу» тапшырмасын талаптагыдай аткаруу үчүн зарыл болгон башка документтерди жана маалыматтарды Буйрутмачы берген Техникалык тапшырмага толук ылайык берүүгө милдеттүү.

Конкурстук табыштаманын баасын же сунуштун наркын ачып бере турган кандайдыр бир башка маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилбейт. Биринчи пакетте өз сунушунун наркын көрсөткөн катышуучунун конкурстук табыштамасы четке кагылат.

Техникалык сунушту берүү тартиби 1 этап: Катышуучунун квалификациялык жана техникалык сунуштары
  Документтердин биринчи пакети:

Катышуучунун квалификациялык жана техникалык сунуштары.

1.     Компания жөнүндө кеңири маалымат;

2.     Кызматтарды көрсөтүү үчүн талап кылынган уруксаттар, лицензиялар жана сертификаттар;

·   акыркы 3 жылдагы окшош кызматтар жана иштер боюнча референс-тизме;

3.     Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү;

4.     Ишмердүүлүктүн негизги түрүн аныктоочу документтин (Уставдын), ошондой эле жетекчини дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөлөрү;

5.     2024–2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү:

·       Бухгалтердик баланс;

·       Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет;

·       Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·       Капиталдын кыймылы жөнүндө отчет;

·       Бирдиктүү салык декларациясы.

6.     Акыркы отчеттук күнгө карата мамлекеттик органдардын алдында салык төлөмдөрү жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги тууралуу маалымкат;

7.     Иштердин тизмесин толтуруу.

Конкурстук табыштаманын баасын же сунуштун наркын ачып бере турган башка маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилбейт.

Биринчи пакетте сунушунун баасын көрсөткөн катышуучунун табыштамасы четке кагылат.

Каржылык сунушту берүү тартиби 2 этап: Сунуштун каржылык бөлүгү:
  Каржылык (коммерциялык) сунуш сырсөз менен корголгон архивге жайгаштырылган файл түрүндө берилүүгө тийиш. Каржылык (коммерциялык) сунуштун формасы тиркелет жана конкурсдук документациянын №7 Тиркемеси болуп саналат. Архивдин сырсөзү конкурсту өткөрүү үчүн дайындалган Буйрутмачынын жооптуу адамынын талабы боюнча гана катышуучу тарабынан берилет.

Архивдин сырсөзү кеминде 8 (сегиз) белгиден турушу жана жок дегенде бир санды, бир атайын белгини, ошондой эле кеминде бир баш тамганы жана бир кичине тамганы камтууга тийиш. Каржылык (коммерциялык) сунуш катышуучунун расмий бланкында таризделип, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка даректелүүгө жана конкурсдук документациянын талаптарына ылайык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы, иштерди аткаруу мөөнөттөрү жана төлөө шарттары жөнүндө милдеттүү маалыматтарды камтууга тийиш.

Каржылык (коммерциялык) сунуштар камтылган архивдердин сырсөздөрү квалификациялык жана техникалык тандоонун талаптарына жооп берет деп табылган катышуучуларга карата гана суралууга тийиш.

Маанилүү!!! Бир электрондук катта камтылган конкурсдук табыштаманын жана (же) конкурсдук сунуштун көлөмү 25 МБдан ашпоого тийиш.

Эгерде тиркелген документтердин жалпы көлөмү 25 МБдан ашса, конкурсдук табыштама бир нече электрондук катка бөлүнүп жөнөтүлүүгө тийиш. Мында электрондук каттын темасында конкурстун катышуучусунун аталышы жана конкурсдук сунуштун тиешелүү бөлүгү көрсөтүлүшү керек, мисалы:

1.     «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» – 1-бөлүк.

2.     «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» – 2-бөлүк.

3.     «Конкурстук сунуш жана сметалык эсептөө (катышуучунун аталышы)» – 3-бөлүк.

4.     «Каржылык сунуш (катышуучунун аталышы)» – 4-бөлүк, жана зарылчылыкка жараша андан кийинки бөлүктөр.

Булут сактагычтарынан документтерди жүктөп алуу үчүн берилген шилтемелердин жарактуулук мөөнөтү, адатта, чектелүү болорун эске алуу менен, конкурстук документацияны файлдарды булут сактагычтарына жүктөө аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. Документтерди электрондук каттардын тиркемелери катары түздөн-түз жөнөтүү сунушталат.

Жеткирип берүүчүго болгон талаптар 1. Долбоорлоо иштерин жана курулуш-монтаж иштерин (КМИ) аткарууга карата жоопкерчиликтин деңгээли II деңгээлден төмөн болбогон лицензиясынын болушу;

2. Мүнөзү, багыты жана өндүрүштүк өзгөчөлүктөрү боюнча окшош курулуш-монтаж иштерин аткаруу тажрыйбасынын болушу;

3. Подрядчы уюмдун курулуш-монтаж иштерин аткаруу боюнча кеминде беш жылдык тажрыйбасынын болушу;

4. Төмөнкү негизги адистердин болушу жана алардын сертификаттарын берүү:

·       Долбоордук иштердин жетекчиси (ГИП);

·       Прораб;

·       Участоктун начальниги.

Баалоо критерийлери: ·       Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы, сапаты жана аларды көрсөтүү мөөнөттөрү боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык конкурстук табыштаманы берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.

·       Конкурстун катышуучусу көрсөткөн иштердин наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык салыктарды, бажы алымдарын, жыйымдарды жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн, коштоочу кызматтарды жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууга байланышкан башка бардык чыгымдарды камтууга тийиш.

Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишимди ыйгарганга чейин тандоо жол-жобосун каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу, мында ал тиешелүү катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта таризделүүгө тийиш.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 90 (токсон) календардык күндү түзүүгө тийиш.

Конкурстук сунуш жарактуу болгон мөөнөттүн ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Тандоодон өткөн катышуучу келишимге кол коюлганга чейин декларация түрүндө келишимдин аткарылышын кепилдик милдеттенмесин берүүгө милдеттүү.
Аванстык төлөм каралган учурда жеңүүчү компания аванстык төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө аванстык төлөмдү кайтаруу боюнча банктык кепилдик берүүгө милдеттүү.
Ушул конкурс боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүүгө тийиш: aibek.berdigulov@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроолор сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнөн 3 (үч) календардык күндөн кечиктирилбей жөнөтүлүүгө тийиш.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР