ИЗ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН

Жарыяланган: 17 August 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Из кагаздарын жүгүртүү кызмат бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Гуманитардык илимдер, экономика жана башкаруу багытында жогорку билими;
  • Иш стажы артыкчылык болот;
  • Жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана пунктуалдуу;
  • Документтер менен иштөө көндөмдөрү;
  • Иш кагаздарын жүгүртүү жана архив ишинин негиздерин билүү;
  • Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office программасын билүү;
  • Кыргыз жана орус тилдерин билүү.

Милдеттери:

  • Окууга абийирдүү мамиле кылуу;
  • Коопсуздук техникасын сактоо;
  • Купуя маалыматты жайылтпоо;
  • Компаниянын иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди иштеп чыгууга жардам көрсөтүү
  • Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн адистеринин жетекчилиги астында көктөмөлөрдү түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;
  • Документтерди архивдөөгө жана компаниянын архивине тапшырууга даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Кат-кабарларды курьердик кызматтар аркылуу тариздөө;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш-чараларына катышуу;
  • КГКнын белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоо;
  • Жетекчинин башка тапшырмаларын аткарууга

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2023-жылдын 31-августу саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

ТЕСТИРЛӨӨГӨ ЖАНА МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭӉ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

Предыдущая публикацияБИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО Следующая публикацияDELPHI ИШТЕТҮҮЧҮ (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.