ИЗ КАГАЗДАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ КЫЗМАТ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 07 September 2023

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 21.09.2023, 17:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Из кагаздарын жүгүртүү кызмат бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Филологиялык, лингвистикалык жогорку билим;
  • Кыргыз, орус жана англис тилин билүү;
  • Жоопкерчиликтүү, тартиптүү жана пунктуалдуу;
  • Иш кагаздары менен иштөөнүн негиздерин билүү;
  • Жеке компьютердин ишенимдүү колдонуучусу, MS Office программасын билүү.

Милдеттери:

  • Коопсуздук техникасын сактоо;
  • Купуя маалыматты жайылтпоо;
  • Компаниянын иш кагаздарын жүргүзүүдө документтерди иштеп чыгууга жардам көрсөтүү;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн котормочуларынын жетекчилиги астында жазуу жана оозеки которууга көмөк көрсөтүү;
  • Окууга абийирдүү мамиле кылуу;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн иш-чараларына катышуу;
  • КГКнын белгиленген нормаларын жана эрежелерин сактоо;
  • Жетекчинин башка тапшырмаларын аткарууга.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарыдагы кеңсе
  • Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2023-жылдын 21-сентябры саат 17.00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияDELPHI ИШТЕТҮҮЧҮ (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ) Следующая публикацияОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.