2010-жылдын жана IV кварталдын жыйынтыктары

2010-жылдын жана IV кварталдын жыйынтыктары

Жарыяланган: 15 March 2011

«Кумтор»

“Центерра Голд Инк.” компаниясы жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2010-жылдагы иштеринин жыйынтыктарын чыгарышты. Өткөн жылы “Кумтөрдө” 567 802 унция1 же 17,66 тонна алтын өндүрүлдү. Жыл ичинде 5 млрд. 407 млн. сомдон ашуун суммада салыктар жана милдеттүү төлөмдөр которулду.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
“Кумтөр” кенинде 2010-жылдын IV кварталында 228 433 унция же 7 тонна 105 кг алтын өндүрүлдү. Жалпысынан 2010-жылы 567 802 унция же 17 тонна 660,6 кг баалуу металл өндүрүлдү. 2010-жылдын IV кварталында 2009-жылдын ошол эле кварталынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өндүрүш темптеринин 8%га кыскаруусу өткөн жылдын октябрь айында эмгек талашынын келип чыгуусунан жана 10 күндүк иш таштоодон улам төмөнүрөөк өндүрүмдүүлүк менен байланышкан.

2010-жылдын IV кварталында фабрикага берилип жаткан рудадагы алтындын курамы орточо 7,06 г/т чейин көбөйдү; бөлүп алуу пайызы 84,1%ды түздү. Бул көрсөткүчтөрдүн өсүшү тоо-кен иштеринин SB бай зонада жүргүзүлүүсү менен байланышкан.

2010-жылы кайра иштетилип жаткан рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 4,02 граммды, ал эми бөлүп алуу пайызы – 79,5%ды түздү.

2010-жылдын IV кварталында сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 209 929 унцияны же 6,5 тоннаны. түздү. Жылдын жыйынтыктары боюнча сатып өткөрүү көлөмү 568 390 унцияга же 17 678,9 кг жетти.

2010-жылдын IV кварталында сатып өткөрүүнүн орточо баасы унциясына 1 376 долларды2, ал эми 2010-жылдын жыйынтыктары боюнча –1 239 долларды түздү.

“Кумтөр” кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы Доре куймалары3 болуп саналат, алар КОК, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан аффинаждык ишканада аны кайра иштетүү жана андан ары сатып өткөрүү үчүн сатып алынат.
Тазаланган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

2010-жылдын IV кварталында продукция сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 288,9 млн. долларга, а 2010-жылдын жыйынтыктары боюнча – 704,3 млн. долларга жеткен.

2010-жылдын IV кварталында амортизацияны жана эскирүүлөрдү эске алганда жалпы өндүрүштүк чыгымдар 79,9 млн. долларды, ал эми 2010-жылдын жыйынтыктары боюнча – 292,5 млн. долларды түздү. 2010-жылдагы эксплуатациялык чыгымдардын төмөндөшү Россиянын Өкмөтү тарабынан отунга экспорттук пошлиналар киргизилгенден кийин күйүүчү-майлоочу майларга баалардын жогорулашы, эмгекке акы төлөө боюнча чыгымдардын көбөйүшү, электр энергиясын керектөөнүн өсүшү, 2010-жылы кеңейтилген техникалар паркын техникалык тейлөөгө жана ремонтуна чыгымдардын жогорулашы, ошондой эле лагердин күндөлүк турмушун камсыздоого чыгымдардын жогорулоосу менен жоюлуп кетти.

Негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр 2-таблицада келтирилген.

Капиталдык чыгымдар

2010-жылдын IV кварталында капиталдык чыгымдар 53,3 млн. долларды түздү. Анын ичинен 44,8 млн. доллары Liebherr экскаваторлорун, САТ 789 жүк ташуучу автомашиналарын, кендин үстүн ачуу иштерин, жер астындагы участокторду ыңгайлаштырууну кошо алганда өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталды. 8,5 млн. доллар негизги фонддорду модернизациялоого жумшалды, анын көп бөлүгү калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бекемдөө боюнча иштерге багытталды.

SB зонасынын жер астындагы бөлүгүнө түшүүдө (№ 1 түшүү) азыркы учурга карата 1080 метр өтүлдү. Штокверк зонасынын түшүүчү жеринде (№ 2 түшүү) жалпысынан 744 метр өтүлдү. Бургулоо боюнча иштер пландыштырылгандай эле 2010-жылдын IV кварталында башталды жана 2011-жылы улантылмакчы.

Жалпысынан 2010-жылы капиталдык чыгымдар 186,5 млн. АКШ долларын түздү.

– Биз, өткөн жылы компания туш келген бардык кыйынчылыктарга карабастан, 2010-жылдагы ишмердүүлүгүбүздүн натыйжаларына ыраазыбыз. Биз өндүрүштүк планды ашыра аткардык жана ишканада коопсуздук техникасын камсыз кылуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетиштик. 2010-жылы «Кумтөрдүн» запастары 28%га көбөйтүлдү, ал карьердин иштөө мөөнөтүн 2019-жылдан 2021-жылга чейин узартууга мүмкүндүк берди. «Центерра» компаниясынын Директорлор кеңеши кошумча тоо-кен техникасын сатып алууга жана перспективалуу долбоорлорго жаңы олуттуу капиталдык салымдарды бекитти, а жер астындагы ресурстарды өздөштүрүүгө карата даярдык боюнча учурдагы иштер жакынкы жылдарда сезилерлик натыйжаларды бермекчи. Акыркы эки жыл аралыгында жүргүзүлгөн тоо-кен иштери бизге 2011-жылы өндүрүштүн болжол менен бирдей айлык көлөмдөрү менен өндүрүштүк графикти түзүүгө мүмкүндүк берди, ал өз кезегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине туруктуу төлөмдөрдү камсыз кылат, – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Роберт Вандер, 2010-жылдын жыйынтыктарын чыгарып жатып.

Геологиялык чалгындоо

2010-жылдын IV кварталында “Кумтөр” кен ишканасындагы геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар 3,7 млн. долларды түздү. Жалпысынан 2010-жылы геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар 11,5 млн. долларды түздү.

Запастар жана ресурстар

2010-жылы геологиялык чалгындоо иштеринин ийгиликтүү программасынан улам запастарга 1,5 млн. унция алтын кошумчаланган. 2010-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча тастыкталган жана болжолдонуучу запастар жалпы жонунан алганда 6,3 млн. унция алтынды түзгөн. Кендин запастары жана ресурстары көбөйтүлгөндөн кийин «Кумтөр» кен ишканасын иштетүү планы кайра каралган жана дагы эки жылга – 2021-жылга чейин узартылган. Кен ишканасын иштетүүнүн бул планы карьердин запастарына гана негизделген жана өзүнө жер астындагы ыкма менен казып алууну камтыбайт.
Кумтөр кенинин эсептелген жана болжолдонулган ресурстары 1,9 млн. уницяга көбөйтүлгөн.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр” ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар
2010-жылдын он эки айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, милдеттүү төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар түрүндөгү төлөмдөр 114,8 млн. доллардан ашты, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын 31-декабрына карата курсу боюнча 5,4 млрд. сомдойду түзөт. (Салык төлөмдөрүнүн структурасы № 3 таблицада келтирилген).

Жылдык дивиденддер

Мурда билдирилгендей, «Центерра Голд Инк.» 2010-жылдын 8-сентябрында 2010-жылдын 18-августунда сатыктардын жабылышына карата Торонтодогу биржада катталышкан бардык акционерлерге жылдык дивиденддерди төлөп берди.
«Центерранын» акцияларынын 33%га жакын пакетине ээ болгон «Кыргызалтын» ААКсы бардык салыктарды төлөп бергенден кийин 4 млн. 246 миң доллар өлчөмүндө дивиденддерди алды.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр

2010-жылы Кыргыз Республикасынын аймагындагы төлөмдөр (салыктарды, товарларды жана кызматтарды жергиликтүү берүүчүлөр менен контракттар боюнча төлөмдөрдү, кайрымдуулук акцияларын ж.б. кошо алганда) 258,6 млн. долларды түздү. Жалпысынан компания иштеген 1994-жылдан 2010-жыл аралыгында “Кумтөралтын” долбоорунан Кыргызстандын аймагындагы төлөмдөр (салыктарды жана башка төлөмдөрдү кошо алганда) 1 миллиард 468,8 миллон АКШ долларына жетти. (Республиканын аймагындагы жалпы төлөмдөрдүн структурасы № 3 таблицада келтирилген).

Өндүрүштүн Кыргыз Республикасынын экономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2010-жылы “Кумтөрдүн” өлкөнүн ички дүң продуктысындагы үлүшү 10,5%ды; ишкананын өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү – 26,1%ды; “Кумтөрдүн” алтынынын өлкөнүн экспортунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү – 39,2%дан ашуунду түздү.

2011-жылга перспективалар

2011-жылы “Кумтөр” кен ишканасындагы өндүрүштүн жылдык көлөмү 550-600 миң унция же 17,1– 18,7 тонна алтын көлөмдөрүндө күтүлүүдө. 2011-жылдын өндүрүштүк графиги өткөн жылдардын графигинен өндүрүштүн квартал боюнча тең көлөмдөрү менен олуттуу айырмаланмакчы, ал бүтүндөй жыл бою Кыргыз Республикасынын бюджетине туруктуу төлөмдөргө өбөлгө түзмөкчү. Капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 2011-жылы 206 млн. доллар чектеринде пландаштырылууда. Алардан 170 млн. доллар өндүрүштү өнүктүрүүгө, 36 млн. доллар – негизги фонддорду модернизациялоого каралган.

Өнүктүрүүгө каражаттар негизинен жети CAT 789 жүк ташуучу автомашиналарды (21 млн. доллар) жана карьердин түндүк бортун кеңейтүү боюнча иштер үчүн башка техниканы (28 млн. доллар) сатып алууга, карьердеги кыртышты ачуу иштерине даярдыктарга (63 млн. доллар), ошондой эле тоо-тектерин төгүү аянтын кеңейтүүгө (3 млн. доллар) жана башка долбоорлорго багытталмакчы. 52 млн. долларды жер астындагы участокторду жайгаштырууга багыттоо пландаштырылууда.
Негизги фонддорду модернизациялоого бөлүнгөн каражаттардын эң көп бөлүгү оор техниканын капиталдык ремонтуна (19 млн. доллар), калдыктарды сактоочу чарбанын дамбасын бекемдөөгө (5 млн. доллар), техниканы алмаштырууга жана башка муктаждыктарга (12 млн. доллар) багытталмакчы.

Геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар 2011-жылы 13 млн. долларды түзмөкчү.

● ● ●

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2010-жылдын 31-декабрына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 7,8 млн. унция же 242,6 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акций – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2011-жылдын 15-мартына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 1 млрд. 224 млн. доллардан ашып кетти.

Азыркы учурда «Центерра» иштеп жаткан эки алтын кен ишканасына ээ:

• Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кен ишканасы (акциялардын 100%ы);
• Монголияда Бороо кен ишканасы (акциялардын 100%ы).

Мындан тышкары, Компания төмөнкү перспективалуу объектилерде геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүдө үлүштүк катышка ээ:

• Монголия:
o Бороого жакын жерде Гацуурт кени (акциялардын 100%ы);
o «Самбер» долбоору, анда «Центерра» Altairgold LLC биргелешкен ишканасы аркылуу акциялардын 75%ына чейин ээлик кылууга укугу бар.

• АКШ:

o «Тонопа Дивайд» ишканасы, Невада штаты, анда «Центерра» 60% акцияларды сатып алды;
o «Оазис» ишканасы, Невада штаты, анда «Центерра» Redstar Gold Corp. биргелешкен ишканасы аркылуу акциялардын 75%ына чейин ээлик кылуу укугуна ээ.

• Түркия:

o «Акарча», «Самлы» и «Элмалы» долбоорлору, аларда «Центерра» өзүнүн Eurasian Minerals менен биргелешкен ишканасы аркылуу акциялардын 70%ына чейин ээлик кылуу укугуна ээ;
o «Оксут» долбоору, анда «Центерра» өзүнүн Stratex International Plc. биргелешкен ишканасы аркылуу акциялардын 70%ына чейин ээлик кылуу укугуна ээ.

• Россия:

o Тыва Республикасындагы «Кара Бельдыр» долбоору, анда «Центерра» акциялардын 50%ын сатып алды жана өзүнүн Central Asia Gold AB менен биргелешкен ишканасы аркылуу кошумча 20% акция сатып алуу укугун пайдаланат.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2010-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.
_________________________________
1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
2 – эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.
3 – Доре куймасы – «Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продукты, анда төмөнкүлөр бар: 485дан 95%га чейин алтын, 10-45% – күмүш, 2-4% –темир, 1,5-3% – цинк, 10%га чейин -жез, 0,2-0,4% – никель.