Жарыяланган: 13 May 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 19-майы, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК техникалык тапшырмаларга ылайык IT (маалыматтык технологиялардын) товарларын жеткирүү боюнча котировакаларды суроого катышууга чакырат.
| Товарлардын тизмеси: | Лот №1
1. IT (маалыматтык технологиялардын) товарлары. Бөлүнүүчү лот. |
| Тапшыруу форматы: | Катышууга бериле турган табыштама жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер кол коюлган түрдө PDF форматында берилиши зарыл. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Тандоонун катышуучулары:
1) Эгерде жеткирүүчү мурда «Кумтор Голд Компани» ЖАКка товар жеткирбеген болсо, ал квалификациядан жана аккредитациядан өтүүгө тийиш. Документтерге шилетеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/ 2) Конкурстун талаптарына ылайык табыштама орус тилинде берилип, талап кылынган документтердин зарыл көчүрмөлөрү тиркелиши керек жана алар электрондук түрдө IT2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026‑жылдын 19-майы, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин жөнөтүлүшү зарыл. Башка электрондук даректерге келип түшкөн конкурстук сунуштар каралбайт. |
| Катышуу үчүн берилген табыштама төмөнкү документтерди камтууга тийиш: | Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
· Товардын аталышы; · Техникалык баяндама; · Сатып алуучунун кампасына чейин жеткирүүнү жана бардык салыктарды эске алуу менен баа; · Жеткирүү мөөнөттөрү; · Төлөө шарттары; · Коммерциялык сунуштун (КС) жарактуулук мөөнөтү – берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн. |
| Баалоо критерийлери: | Жеңүүчү болуп Техникалык тапшырмада көрсөтүлгөн товарга карата техникалык баяндамага шайкеш келген КСны берип, эң төмөн бааны сунуштаган сунуш таанылат. |
| Сунуштар IT2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026‑жылдын 19-майы, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин жөнөтүлүшү керек. | |
| Буйрутмачы кайсы бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишим ыйгарылганга чейин тандоо процессин каалаган убакта жокко чыгарууга укуктуу болуп, мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт. | |
| Коммерциялык сунуш компаниянын расмий бланкында берилиши керек. | |
| Белгиленген мөөнөттө берилбеген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин тастыктайт. Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуу мөөнөтүндө коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул тандоо боюнча бардык суроолор Bermet.Kunduzbekova@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. | |
| Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күн калганда жиберилиши зарыл. | |