ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА АРХИВ ИШТЕРИ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАНА АРХИВ ИШТЕРИ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 07 October 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 19-октябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында иш кагаздарын жүргүзүү жана архив иштери бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Экономика жана башкаруу, юриспруденция, китепкана таануу жана документ таануу, маалыматтык системалар жана технологиялар багыттары боюнча жогорку билим;
  • Кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү (оозеки жана жазуу жүзүндө);
  • Microsoft Office программалары (Word, Excel), электрондук почта жана кеңсе техникалары (принтер, сканер, көчүрмө аппарат) менен иштөөнүн көндүмдөрү;
  • Документтер менен иштөө көндүмдөрү, маалыматтарды иштеп чыгууда жана реестрлерди жүргүзүүдө кылдаттык;
  • Үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк, маалыматты системалаштыруу жана чоң көлөмдөгү документтер менен иштөө жөндөмү;
  • Жоопкерчиликтүүлүк, тартиптүүлүк, аткаруучулук, кылдаттык жана тактык;
  • Маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу талаптарын, документтерди сактоо жана алар менен иштөө боюнча белгиленген эрежелерди сактоо.

Милдеттер:

  • Ички эмгек тартибинин эрежелери, эмгекти коргоо, өндүрүштүк коопсуздук жана маалыматтын купуялуулугу боюнча талаптарды сактоо;
  • Кирген корреспонденцияны кабыл алуу жана баштапкы иштеп чыгуу процессине катышуу (иргөө, документтердин толуктугун текшерүү, каттоого даярдоо);
  • Бөлүмдүн адисинин жетекчилиги алдында документтерди каттоого жана реестрлерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Документтерди сканерлөө, көчүрмөлөө, документтердин топтомдорун түзүү жана даярдоого катышуу аркылуу документтер менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүнө ээ болуу;
  • Электрондук документ жүгүртүү тутуму менен иштөөнүн практикалык көндүмдөрүнө ээ болуу;
  • Документтерди аткаруучулар арасында бөлүштүрүүгө, өткөрүп берүү баракчаларын жүргүзүүгө жана документтердин кыймылын көзөмөлдөөгө катышуу;
  • Иштердин номенклатурасына ылайык иштерди түзүүгө жана тариздөөгө көмөк көрсөтүү;
  • Бөлүмдүн адисинин жетекчилиги алдында документтерди архивдик сактоого даярдоого жана архивге өткөрүп берүүгө катышуу;
  • Почта жана курьердик жөнөтмөлөрдү тариздөө жана коштоо, жөнөтүү реестрлерин даярдоо боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу;
  • Документ жүгүртүү жана документтерди архивдик сактоо процесстерин жөнгө салган ички ченемдик документтерди үйрөнүү;
  • Такшалма программасынын алкагында жетекчинин, насаатчынын жана бөлүмдүн кызматкерлеринин тапшырмаларын аткаруу.

Такшама шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек шаарынын кеңсеси;
  • Такшалманын графиги – 5/2.

Тандоого катышуу үчүн:

2026-жылдын 19-октябрында саат 16:00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.