ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ИНСПЕКЦИЯ ЖАНА АНАЛИТИКАЛЫК ЛАБОРАТОРИЯ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 30 January 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн инспекция жана аналитикалык лаборатория бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Химия жана химиялык технология (инженерия) багыты боюнча жогорку билим, (2019-жылдан 2023-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз.);
  • Лабораториялык жабдууларды билүү (спектрометрлер, титраторлор);
  • Колдонуучу деңгээлинде компьютердик көндүмдөрдү билүү (MS Office пакети)
  • Химиялык реагенттер менен иштөөнү билүү;
  • Аллергиялык оорулардын жоктугу;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө даярдык.

Милдеттери:

  • Түздөн-түз жетекчинин тапшырмаларын аткаруу;
  • Бөлүмдүн ишмердүүлүгүнүн бардык процесстерин изилдөө;
  • Үлгүлөрдү каттоого, сорттоого, кургатууга көмөктөшүү, ошондой эле үлгүлөрдү электен талдоо;
  • Геологиялык жана технологиялык үлгүлөрдүн аналитикалык лабораториясына келүүчү эритүүгө сынамдарды даярдоо;
  • Калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын курулуш инспекцияларына катышуу;
  • Өз компетенциясынын чегинде жумуш ордунда иштин коопсуздугун жана өндүрүмдүүлүгүн камсыз кылуу;
  • Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узкатыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтор кен-ишканансы
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны жана баардык керектүү документтерди 2024-жылдын 13-февралына чейин саат 16.00дөн кеч эмес шилтеме аркылуу өтүп толтурунуз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.