“Кумтөр Голд Компани” ЖАКы жаңы жылды “Кумтөр” кенинде майрамдоо алдына болгон жагымсыз окуяга өкүнөт

Жарыяланган: 05 January 2016

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКы жаңы жылды “Кумтөр” кенинде майрамдоо алдына болгон жагымсыз окуяга өкүнөт жана төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Улуу Британиянын жараны Майкл МакФит, социалдык тармактагы Кумтөр кызматкерлерин жана башка Кыргызстандын жарандарын кемсинткен маалыматтын автору Компаниянын кызматкери эмес. Ал “Кумтөрдө” келишим боюнча белгилүү бир иш аткарган кызмат көрсөтүүчү ишкананын катардагы жумушчусу.

“Кумтөдүн” жетекчилиги жарыяланган маалымат боюнча кабардар болоору менен кызмат көрсөтүүчү ишкананын жетекчилигине жумушчусунун талапка жатпаган аракети тууралуу билдирген, ал эми М.МакФит дароо ээлеген кызматынан бошотулуп, кен аймагынан түшүрүлүп, Бишкек шаарына жеткирилген. Каракол шаардык соту М.МакФитти департациялоо чечимин чыгарып, үстүбүздөгү жылдын 5-январында ал Кыргызстандан чыгып кетти.

Компаниянын президентинин буйругу менен болгон окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлгөн. Компания кызматкерлерине да, келишим боюнча иштегендерге да кайсы гана маданият же улуттук баалулук болбосун, аларга шек келтирген мамилеге жол бербейт.

Кумтөр кени штаттык тартипте ишин улантууда.

Предыдущая публикация«Кумтɵр» компаниясынын «С» нɵɵмɵтүнүн бургулоо-жардыруу бɵлүмүнүн кызматкерлери «Хадича» балдар үйүнүн тарбиялануучуларын Жаӊы жыл менен куттукташты жана Кажы-Сайдагы кɵп балалуу үй-бүлɵгɵ жардам беришти Следующая публикация«Кумтɵр Голд Компанинин» жаш адистери казакстандык алдыӊкы «Борусан Макина Казакстан» компаниясында окутуудан ɵтүшɵт
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.