Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
МT долбоорлор бөлүмүнүн башчысы, Маалымат технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0328
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:
- Компаниянын МT стратегиясын иштеп чыгууга, макулдашууга катышуу;
- МT долбоорлорунун программалары боюнча жол картасын түзүүгө катышуу;
- Өзгөрүүлөрдү башкаруу (колдонмо программалык камсыздоо боюнча талаптар);
- Башкаруу жана көзөмөлдөө:
– талдоо процесстери жана бизнести-процесстерди сыпаттоо (as is, to be);
– маалыматтык системаларды түзүүсүнө user stories / use cases / ТЗ түрүндөгү системага коюлган талаптарды түзүү процесстери;
– МT долбоорлорун ишке ашыруу;
- МT долбоорлорун башкаруу методологиясын иштеп чыгуу жана макулдашуу, МT долбоорлорун башкаруу процесстерин автоматташтыруу;
- МT долбоорлорун башкаруу, талаптарды башкаруу процесстеринин жетилгендигин өз алдынча баалоо;
- Салыштырмалуу анализ жана бизнес-процесстерди сыпаттоо жана моделдөө үчүн маалыматтык системаларды тандоо (CASE инструменттери), МT долбоорлорун башкаруу үчүн маалыматтык системалар;
- Маалыматтык системаларды тандоо боюнча пилотторду өткөрүү (маалымат системасынын кайсынысын тандоо белгисиз болгон учурда);
- Колдонмо программалык камсыздоо боюнча өзгөрүүлөрдү башкаруусун өнүктүрүү жана көзөмөлдөө багытында МТ-долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулар, тапшырык ээлери менен өз ара аракеттешүү.;
- Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Маалымат технологиялар/долбоорлорду башкаруу МВА/ колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
- Иш тажрыйбасы:
– маалымат сиистемалары чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес (тоо-кен компанияларын иш тажрыйба артыкчылык болуп саналат);
– маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
– талаптарды талдоо жана башкаруу, МT-долбоорлорун башкаруу боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
– МТ долбоорлорун/тапшырмаларын топтун жетекчиси катары башкаруу/МТ долбоорлорунун башчысы/ Чечимдер архитектору / Башкы иштеп чыгуучу катары 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
– маалыматты, ОС, СУБД, колдонмолорду миграциялоо боюнча тажрыйба;
– булуттук технологиялар (PaaS, SaaS) менен иштөө тажрыйбасы;
– долбоорду башкаруу үчүн маалыматтык системалар менен иштөө тажрыйбасы;
– 3 кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагында артыкчылыктуу, металлургия);
- Атайын көндүмдөрү жана билими:
– маалыматтык технологиялардын алдыңкы тажрыйбаларын колдонуу, программалык камсыздоону иштеп чыгуунун жана долбоорлорду башкаруунун жетилгендик деңгээли (COBIT, ITIL, CMMI, AGILE, PMBOK). ANSI PMI PMP, PRINCE 2 Professional сертификаттары атаандаштыкта артыкчылыкка ээ болот;
– стандарттар, талаптарды башкаруу жана сыпаттоо методикасы, бизнес-процесстерди моделдөө (BABOK, Россия Федерациясынын ГОСТу), контролдоо жана пландаштырылган көрсөткүчтөргө жетишүү;
– Cloud ready жана Cloud-Native applications колдонмолорунун, API Башкаруу, микросервистик архитектура боюнча негизги подходу менен паттерни тууралуу билимдери;
– SOA (Service – Oriented Architecture) үлгүлөрү
– белгилер, CASE инструменттерин колдонуу тажрыйбасы жана бизнес процесстерин моделдөө (DFD, IDEF, UML);
– Certified Business Analysis Professional сертификатынын болушу атаандаштык артыкчылыккка ээ болот;
– мыкты баарлашуу көндүмдөрү;
– МT долбоорлорун башкаруу аудитин уюштуруу көндүмдөрү;
- Тилдерди билүү:
– орус тилин – эркин билүү;
– кыргыз тилин – кубатталат;
– англис тилин орточодон жогору (Upper Intermediate) же алдыңкы (Advanced) деңгээлде билүү.
Анкета жана резюмени 2022-жыл 05-январь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0328.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.