ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 06 November 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 23-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында геологиялык чалгындоо бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Геология», «Пайдалуу кендердин кен орундарын геологиялык тартуу, издөө жана чалгындоо», «Тоо-кен иши» же башка тектеш адистиктер боюнча жогорку билим;
- Геология жана геологиялык чалгындоо иштеринин негиздери боюнча баштапкы билимдер;
- Компьютерди ишенимдүү пайдалануу, Microsoft Office (Word, Excel, PowerPoint) программаларын билүү;
- Чоң көлөмдөгү маалыматтар жана документтер менен иштөө көндүмдөрү артыкчылык болуп саналат;
- Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн иш багыты боюнча окууга жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө даяр болуу.
Милдеттер:
- Такшалма программасынын алкагында геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн өндүрүштүк процесстерин жана ички жол-жоболорун өздөштүрөт;
- Такшалмадан өтүү жана бөлүмдүн иш багыты боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болуу максатында түздөн-түз жетекчисинин (насаатчысынын) тапшырмаларын аткарат;
- Бөлүм кызматкерлеринин жетекчилиги алдында геологиялык, техникалык жана архивдик материалдарды даярдоого, системалаштырууга жана иштеп чыгууга катышат;
- Өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде өндүрүштүк милдеттерди аткарууда геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн адистерине көмөк көрсөтөт;
- Өнөр жай коопсуздугунун, эмгекти коргоонун, өрт коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун талаптарын сактайт;
- Белгиленген талаптарга ылайык жеке коргонуу каражаттарын колдонот;
- Эмгек коопсуздугу боюнча нускамаларга, окутууларга жана башка иш-чараларга катышат;
- Компания тарабынан берилген жабдууларга, аспаптарга, шаймандарга жана башка материалдык баалуулуктарга аяр мамиле кылат;
- Такшалма программасында жана Компаниянын ички ченемдик документтеринде каралган окутуудан өтөт;
- Компаниянын ички ченемдик документтеринин, корпоративдик этика кодексинин жана башка жергиликтүү ченемдик актыларынын талаптарын сактайт.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма;
- Такшалманын узактыгы – эки жылга чейин;
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе;
- Такшалманын графиги – 5/2.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылы 23-ноябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.