ФОТОРЕПОРТАЖ – БОСТЕРИДЕ «КУМТӨР ДЕМИ – 2026» СПАРТАКИАДАСЫ ӨТТҮ

ФОТОРЕПОРТАЖ – БОСТЕРИДЕ «КУМТӨР ДЕМИ – 2026» СПАРТАКИАДАСЫ ӨТТҮ

Жарыяланган: 23 July 2026

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында «Кумтөр Голд Компанинин» кызматкерлеринин арасында «Кумтөр Деми – 2026» спартакиадасы болуп өттү.

Башкармалыктын төрагасы Бусурман Субанов аталган спорттук иш-чара металлургдар күнүнө арналганын белгиледи.

«Быйыл “Кумтөр Деми – 2026” спартакиадасы алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Мындан ары бул мелдеш компаниянын корпоративдик календарына киргизилип, жыл сайын уюштурулуп турмакчы. Бул спартакиада командалар арасындагы мелдеш гана эмес, эң башкысы сергек жашоо образын даңазалоо, кызматкерлер арасындагы тилектештикти, жамааттык биримдикти арттырууга багытталган», – деди компаниянын жетекчиси.

Эске сала кетсек, «Кумтөр Деми – 2026» спартакиадасы футбол, волейбол, гиря көтөрүү, аркан тартыш, тогуз коргоол, шахмат сыяктуу спорттун 12 түрү боюнча өткөрүлдү.

«Бийиктикке бирге!» деген ураандын астында өткөн мелдешке ишкананын баардык бөлүмдөрү активдүү катышып, жеңүүчүлөргө кубок, грамота жана ар кандай сыйлыктар тапшырылды.