Суу ресурстарын пайдалануу

Суу ресурстарын пайдалануу

БИЗДИН МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР

Биздин компания үчүн эң маанилүү милдеттердин бири – эмгекти коргоо жана туруктуу кызматкерлерибиздин, контрактчыларыбыздын жана кеңири коомчулуктун коопсуздугун сактоо болуп саналат. Бул милдеттер курчап турган чөйрөнү коргоонун натыйжалуу системасы маселеси менен тыгыз байланышкан жана компаниянын саясаттарында кеңири сүрөттөлгөн, ошондой эле компаниянын корпоративдүү веб-сайтында: www.kumtor.kg. жарыялануучу курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча ар жылдык отчеттордо чагылдырылган

КУМТӨРДӨ СУУ РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУ

Суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу биздин өндүрүш процессинин ажырагыс жана маанилүү бөлүгүн түзөт. Курчап турган чөйрөгө таасирди баалоодо (1993-ж.) көрсөтүлгөндөй, кен ишканасынын территориясында жүзөгө ашырылып жаткан өнөр жай ишмердүүлүгү курчап турган суу чөйрөсүнө белгилүү бир таасир көрсөтөт. Бирок биз суу ресурстарын пайдалануу тармагындагы тыкан мониторинг жана жөнгө салуу системасынан улам бул таасир этүүнү алгылыктуу деңгээлге чейин төмөндөтүүгө ниеттенебиз.

Бул системанын башкы элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:
• Рудага коопсуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында карьердин өзүнөн да, ага чектеш территориядан да сууну жана муз массаларын алып салуу
• Сууну руданы байытуу үчүн пайдалануу
• Сууга жалпы керектөөнү кыскартуу максатында сууну фабрикада кайталап пайдалануу
• Сууну ишкананын турак-жай лагеринде санитардык-тиричилик максатында пайдалануу
• Агынды сууларды жөнгө салуу жана аларды курчап турган чөйрөгө кайтаруунун алдында заманбап технологияларды колдонуу менен тазалоо

 «Кумтөр»: Суу ресурстарын пайдалануу»