КГКнын Балыкчы өткөөл база кызматкерлери «Нафил» карылар үйүндө болушту

Жарыяланган: 05 July 2017

2017-жылдын 4-июлунда «Кумтөр» компаниясынын Балыкчы өткөөл база кызматкерлери корпоративдик ыктыярчылыкты жайылтуу боюнча «Кумтөрдүн Элчилери» программасынын алкагында жеке менчик «Нафил» карыялар үйүнө жардам беришти. Жамаат толугу менен каражат чогултууга катышты. Кумтөрчүлөр чоң апа, чоң аталарага түшкү тамак уюштуруп, алардын турак жайына зарыл суу жылыткчы белек кылышты.
«Нафил» карылар үйүн жеке адамдар уюштурган жана эч кандай мамлектетик колдоо албайт, андыктан жетекчилик Балыкчы шаарындагы ишканаларга жардам сурап кайрылып турат. Бүгүнкү күндө ал жерде 70тен 85 жашка чейин тогуз карыя туруктуу жашайт. Алар турмуштун түркүн жагдайларынан улам үй-жайсыз калган, бирок боорукер балыкчылыктар уюштурган «Нафил» карылар үйүндө калканыч таап, камкордукка алынган.
Кайрымдуулук акциясына катышкандар: Раимкулова Джылдыз, Цыганков Захар, Карагул уулу Ашырбек, Кадыралев Максат, Кулатаев Алибек, Каземир Катерина, Бейшеева Асылкуль.

Предыдущая публикация«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Сокулуктагы ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациялык борборуна жардам кɵрсɵтүштү Следующая публикация«Кумтɵр» компаниясы жана КР Кызыл Жарым ай Улуттук коому менен балдарды коопсуздук техникасынын негиздерине окутуу боюнча тренинг ɵткɵрдү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.