«Кумтөр» компаниясынын каржы бөлүм кызамткерлери Бишкек шаарындагы «Үмүт-Надежда» Балдар Реабилитациялык борборуна жардам беришти

Жарыяланган: 01 June 2017

Эл аралык Балдарды коргоо күнүнө карата «Кумтөр» компаниясынын каржы бөлүм кызамткерлери Бишкек шаарындагы «Үмүт-Надежда» Балдар Реабилитациялык борборуна жардам беришти. Борбордун жетекчилиги менен алдын ала макулдашуулардан кийин, кумтөрчүлөр акча каражат чогултуп, эмерек, ашкана буюмдары менен суу ысытуучу челек жана башка зарыл буюмдарды сатып алып, тапшырды.

«Бөбөктөр бизге атайы концерт коюп берүүнү абдан каалашты, бирок биз андан баш тартып, балдар жана алардын тарбиялоочулары менен баарлашууну чечтик. Биз мындан ары да тандап алган реабилитациялык борборго жардам берүүгө ниеттенебиз. Көп түкүрсө көл болот демекчи, борбор үчүн бардык жардам маанилүү жана керек», – деп билдирди акциянын катышуучусу Ирина Гамаюнова.

Эске салсак, компаниянын бардык бөлүмдөрүндөгү «Кумтөрдүн Элчилери» корпоративдик ыктыярчылык программасынын катышуучулары көптөгөн балдар мекемелерине туруктуу негизде жардам берип турушат.

Предыдущая публикация«Кумтөр» компаниясынын адистери Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде семинар өткөрүштү Следующая публикация«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Кара-Балта шаарындагы Балдардын кризистик борборуна жардам кɵрсɵтүштү
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.