«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери авиакырсыкта жабыркагандарга жардам берүү фондуна акча каражат которушту

Жарыяланган: 09 February 2017

«Кумтөр Голд Компани» жамааты 2017-жылдын 16-январында «Манас» аэропорту жактагы авиакырсыкта жабыркагандар үчүн 263 785 (эки жүз алтымыш үч миң жети жүз сексен беш) сом жыйнады.
Окуядан кийинки үч апта ичинде «Кумтөр» компаниясында ыктыярдуу түрдө каражат чогултуу жүргөн.
2017-жылдын 7-февралында чогулган каражат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайы эсебине которулду.
Кырсыкка кайдыгер калбай, жардам берген бардык кызматкерлерге алкыш!

Предыдущая публикация2016-жылдагы алтын өндүрүүнүн көрсөткүчтөрү жана 2017-жылга прогноз Следующая публикация«Кумтөр Голд Компани» кызматкери Нурайым Жунусова «Теңир-Тоо айымдары» төш белгиси менен сыйланды
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.