ЭМГЕКТИ ЖАНА ДЕН СООЛУКТУ КОРГОО, ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ЭМГЕКТИ ЖАНА ДЕН СООЛУКТУ КОРГОО, ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 11 March 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Эмгекти жана ден соолукту коргоо, жана өнөр жай коопсуздугу бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Тоо-кен же өрт коопсуздугу тармагында жогорку инженердик-техникалык билим (2019-жылдан 2023-жылга чейин университеттин бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • Колдонуучунун деңгээлинде компьютерде иштөөнү билүү (MS Office пакети, AutoCAD, Corel, Visio);
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди, англис тилин билүү (артыкчылык);
  • Натыйжалуулук, тактык жана моралдык жана психологиялык стресске туруктуулук;
  • Бекем ден соолукта болуу.

Ден соолукту коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча стажердун милдеттери:

  • Бөлүмдөрдөгү жана түзүмдүк бөлүмдөрдөгү, подряддык уюмдардагы жумушчу орундарын пландуу текшерүүгө жана коопсуздук боюнча кеңешмелерге катышуу;
  • Өнөр жай коопсуздугу жана гигиена жагынан кен объектилерине мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Өндүрүштүк санитария нормаларына ылайык жумуш ордунда эмгек шарттарын көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүү;
  • Өндүрүштүк травматизмди жана аварияларды болтурбоо боюнча коркунучтун булактарын аныктоо жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • «Кумтөр» кенинин объектилерине жана участокторуна коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу жагында үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Кооптуу иштердин аткарылышын аныктоого жана тартип бузуучуларга тиешелүү чараларды көрүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Кендин участокторунда жана объекттеринде ылдамдыкты чектөөгө жана жол белгилерине мониторинг жүргүзүүдө жардам берүү.

Өрт коопсуздугу боюнча стажердун милдеттери:

  • Өрт сигнализациясын жана өрт өчүрүү системаларын орнотууга, оңдоого, тейлөөгө көмөк көрсөтүү;
  • Биринчи өрт өчүрүүчү жабдууларды кайра заряддоого жана тейлөөгө катышуу;
  • Өрт түтүктөрүн жылдырууга катышуу;
  • Өрт гидранттарын жана тышкы гидранттарды текшерүүгө катышуу;
  • Кен объектилеринин өрт коопсуздугун текшерүүдө жардам көрсөтүү;
  • «КГК» ЖАКтын объектилерин эвакуациялоо пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү;
  • Куткаруу кызматынын сабактарына жана машыгууларына катышуу;
  • Авариялык-куткаруу (көмөкчү) жумуштарын өзгөчө кырдаал зонасына жеткиликсиз жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Документтер менен иштөөгө катышуу (журналдарды, бланктарды толтуруу, башка документтерди текшерүү).

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
  • Такшалма графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2023-жылдын 25-мартынан, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.