Жарыяланган: 09 September 2026
АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 22-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) ыйгарым укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү техникалык тапшырманын талаптарына ылайык эмерек топтомдорун (уктоочу бөлмө гарнитурларын) жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.
| Сунуштарды берүү форматы: | Баа сунушу (мындан ары – БС) PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарышы керек:
1) Квалификациядан жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/ 2) БСны кыргыз же орус тилинде даярдап, электрондук түрдө bedroomset@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 22-сентябры Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин жөнөтүшү керек. |
|
Жеткирип берүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: |
Тандоого катышуучулар Техникалык тапшырмага ылайык эмерек топтомдорун даярдоодо колдонулуучу материалдардын наркынын эсебинен коммерциялык сунуштарды берүүгө тийиш (ар бир материал боюнча өзүнчө), тактап айтканда, премиум сапаттагы МДФтен жана ЛДСПдан даярдалган эмерек топтомдору боюнча.
Сунушта төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл: 1) Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка; 2) Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы; 3) Байланыш маалыматтары: юридикалык дареги, телефону, жооптуу адамдын электрондук почтасы (e-mail); 4) Сунуш түзүлгөн датасы, кол тамга жана мөөр; 5) Сунушталып жаткан товардын аталышы; 6) Товардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттөрү; 7) Колдонууга тийиш болгон бардык салыктарды жана «КГК» ЖАКтын кампасына чейин жеткирүүнү кошкондогу бир даана товардын баасы; 8) Жеткирүү дареги: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24/1, «КГК» ЖАКтын кампасы / Балыкчы ш., Нарын шоссеси көч., 9, станциянын коду 721900; 9) Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн); 10) Товарды жеткирүү мөөнөттөрү; 11) Төлөм шарттары: 100% жеткирилгенден кийинки төлөм же алдын ала төлөм болгон учурда алдын ала төлөмдүн суммасына банктык кепилдик берүү керек. |
| *Валюта: | Резиденттер коммерциялык сунушту улуттук валютада, чет өлкөлүк валютанын курсуна байланыштырылбастан бериши керек. Резидент эместер коммерциялык сунушту каалаган валютада берүүгө укуктуу. |
| Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: | Талаптарга толук жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган БС жеңүүчү деп таанылат. |
| «МДФтен даярдалган эмерек топтомдорун жеткирүү боюнча суроо-талап», «ЛДСПдан даярдалган эмерек топтомдорун жеткирүү боюнча суроо-талап» деген тема көрсөтүлгөн сунуштарды [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 22-сентябры Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин жөнөтүү зарыл. | |
| Буйрутмачы кандайдыр бир сунушту же бардык сунуштарды кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле келишимди ыйгарууга чейин каалаган убакта тандоо жол-жобосун жокко чыгаруу укугуна ээ жана бул үчүн БС тапшырган катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт. | |
| Баа сунушу ишкананын расмий бланкында таризделип, кол жана мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек. | |
| Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баа сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен Катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет. Ар бир тандоого катышуучу бир гана баа сунушун бере алат. Баа сунушунун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күндү түзүшү керек. Сунуштарды тандоо мөөнөтүнүн ичинде баа сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Ушул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: [email protected] | |
| Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркеме