ЭКИ ПАКЕТТҮҮ, ЧЕКТЕЛБЕГЕН КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ: ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАГА ЫЛАЙЫК АКТИВДЕШТИРИЛГЕН КӨМҮРДҮ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 23 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 13-майы, саат 17:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») сизди Техникалык тапшырмага ылайык активдештирилген көмүрдү жеткирүү боюнча конкурска катышууга чакырат.
Квалификациялык документтерди тапшырууга коюлган негизги талаптар:
- Документтер PDF форматында берилиши керек;
- Документтер төмөнкү электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү керек:
carbon2026@kumtor.kg;
- Бир электрондук каттын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Берилиши керектүү болгон документтер:
Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн:
- Сурамжылоонун толтурулган көчүрмөсү (ушул Тизмеге тиркелген №1 форма боюнча);
- Жеткирип берүүчүнүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү боюнча толтурулган форма
(ушул Тизмеге тиркелген №2 форма боюнча);
- Уставдын көчүрмөсү, бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен (эгер бар болсо), жетекчинин же анын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлгөн, ошондой эле ушул Уставды бекитүү жөнүндө катышуучулардын жалпы жыйынынын же жалгыз катышуучунун чечиминин көчүрмөсү;
- Юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү жөнүндө күбөлүктүн/маалымкаттын катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү / тиешелүү ишмердүүлүккө берилген патенттин (ыктыярдуу же милдеттүү, тапшыруу күнүнө карата жарактуу) көчүрмөсү, ошондой эле паспорттун/идентификациялык картанын көчүрмөсү;
- Юридикалык жактар үчүн: Кыргыз Республикасынын бюджетинин алдында салыктык төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымат;
- Бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү, бардык тиркемелери менен, уюмдун мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн, акыркы 2 (эки) календардык жыл үчүн, же бирдиктүү салык декларациясы (БСД);
- Салык органында каттоого коюлгандыгы жөнүндө күбөлүк;
- Ишмердүүлүк түрлөрү боюнча уруксат берүүчү документтер
(лицензиялар, уруксаттар, сертификаттар);
- Жетекчинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук, жетекчини дайындоо жөнүндө катышуучулардын жыйынынын протоколунан көчүрмө, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими).
Эгер катышуучунун атынан башка адам иш алып барса – келишимдерге жана башка документтерге кол коюу укугу берилген ишеним каттын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Акыркы 2 жыл ичинде окшош жабдууларды жана комплекттөөчү бөлүктөрдү жеткирүү тажрыйбасы – референс-баракчасы;
- Конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат.
Кароо үчүн жалаң гана өндүрүүчүлөрдөн же алардын расмий өкүлдөрүнөн түшкөн сунуштар кабыл алынат.
- Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация.
Резидент эмес катышуучулар (башка өлкөлөрдүн катышуучулары) үчүн:
- Сурамжылоонун толтурулган көчүрмөсү (ушул Тизмеге тиркелген №1 форма боюнча);
- Жеткирип берүүчүнүн реквизиттерин ачуу жана өзгөртүү боюнча толтурулган форма (ушул Тизмеге тиркелген №2 форма боюнча);
- Катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн каттоо жана уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- Ишмердүүлүк түрлөрү боюнча уруксат берүүчү документтер (лицензиялар, уруксаттар, сертификаттар);
- Жетекчинин ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин катышуучу тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук, жетекчини дайындоо тууралуу катышуучулардын жыйынынын протоколунан көчүрмө, юридикалык жактын жалгыз катышуучусунун чечими).
Эгер Катышуучунун атынан башка адам иш алып барса – келишимдерге жана башка документтерге кол коюу укугу берилген ишеним каттын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- Бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөлөрү, бардык тиркемелери менен, уюмдун мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлгөн, акыркы 2 (эки) календардык жыл үчүн;
- Акыркы 3 (үч) жыл ичинде окшош жабдууларды жеткирүү тажрыйбасы (комплект түрүндө жана/же өзүнчө комплектөөчү катары) – референс-баракчасы;
- Катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат.
Кароо үчүн жалаң гана өндүрүүчүлөрдөн же алардын расмий өкүлдөрүнөн берилген сунуштар кабыл алынат.
Квалификациялык документтерди тапшырууга коюлуучу негизги талаптар:
- Конкурстун катышуучулары конкурска катышуу үчүн табыштаманы орус тилинде, конкурстун талаптарына ылайык берүүсү керек. Калган документтер орус же англис тилдеринде болушу керек, болбосо табыштамалар каралбайт. Документтер белгиленген электрондук почта дарегине жөнөтүлүшү зарыл.
- Тандоо жол-жобосунун алкагында берилген бардык документтер купуя маалымат катары каралат.
- Өз сунушун берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.
Маанилүү!
- Жеткирилчү товар үчүн алдын ала төлөм жүргүзүлгөн учурда, жеткирип берүүчү келишимдин жалпы суммасынын 5% (беш пайызы) өлчөмүндө банктык кепилдик же келишимдин кепилдик камсыздоосун берүүгө милдеттүү.
- Кийин төлөө каралган учурда, жеткирип берүүчү конкурстук табыштаманы кепилдеген декларациясын берет (Чакыруу документине тиркелген №1 тиркеме).
- Эгерде ушул түрдөгү продукцияны мурда КГК дарегине жеткирбеген болсо, жеткирип берүүчү квалификациялык тандоодон ийгиликтүү өтсө, эң төмөн бааны сунуш кылса, Буйрутмачы сыноо (пилоттук) партияны жеткирүү боюнча келишим түзүүнү демилгелөөгө укуктуу.
- Сыноо партиясынын баасы коммерциялык сунушта көрсөтүлгөн баадан жогору болбошу керек.
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө пакетте, бирок бир убакта жогоруда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жибериши керек:
- Пакет №1 – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
- Пакет №2 – коммерциялык сунуш (файл сыр сөз менен корголуусу керек жана биринчи этапта ачылбайт; сыр сөз Буйрутмачы электрондук почта аркылуу талап кылгандан гана кийин жөнөтүлөт).
- КГК кошумча тастыктоочу документтерди талап кылууга же берилген маалыматтарды текшерүүгө укуктуу. Так эмес же жалган маалымат аныкталса – табыштама четке кагылат.
- Ушул Чакыруу боюнча суроолор болсо, катышуучу Jyldyz.Jenalieva@kumtor.kg, электрондук дарек аркылуу түшүндүрмө алуу үчүн кайрылса болот, бирок квалификациялык документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 3 жумуш күн калганга чейин жөнөтүлүшү керек. Түшүндүрмөлөр сурам жөнөтүлгөн электрондук дарекке сурам алынган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде жиберилет.
- Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек.
- Документтерди тапшыруунун соңку мөөнөтү өткөндөн кийин катышуучулар өзгөртүүлөрдү же толуктоолорду киргизе алышпайт.
- Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
КГК талаптарга жооп бербеген каалаган табыштаманы четке кагууга укуктуу.
Документтерди тапшырган катышуучуларга, сатып алуу жол-жобосунун кийинки этаптарына катышууга кепилдик бербейт.
Эгерде ушул Чакыруу документине өзгөртүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүн кийинки датага жылдырууга укуктуу. Бул тууралуу маалымат Буйрутмачынын расмий сайтында жарыяланат https://www.kumtor.kg/ru/ ушул конкурс тууралуу жарыя жайгаштырылган сайт.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР