Жарыяланган: 19 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 30-июну, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК чектөөсүз катышуу менен бир баскычтуу эки пакеттик жол-жобо аркылуу төмөнкү Лоттор боюнча Долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгуу кызматтарын сатып алуу боюнча конкурска катышууга чакырат:
Лот №1 – «Кумтөр» кениндеги жер астындагы кендерди иштетүү боюнча техниканы оңдоо үчүн устакана;
Лот №2 – «Кумтөр» кениндеги жер астындагы кендерди иштетүү үчүн кеңсе жайларынын административдик-тиричилик комплекси.
Конкурстун катышуучулары тиешелүү формаларды толтуруу жана талап кылынган документтерди тиркөө менен конкурстук табыштамаларын электрондук түрдө 2026-жылдын 30-июну саат 10:00гө чейин тапшырууга керек.
Конкурстук табыштама, декларация түрүндөгү конкурстук табыштаманы аткарылышын кепилдеген милдеттенме менен бирге тапшырылы керек.
Конкурстук табыштама 60 календардык күндүн ичинде жарактуу болушу керек. Кошумча маалымат же конкурстук документация боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн суроолорду Aibek.Berdigulov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 27-июну саат 10:00гө чейин, башкача айтканда табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 3 жумушчу күн калганда чейин, жөнөтүү керек. Сатып алуучу уюм өз көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан улам келип чыккан кандай болбосун кечигүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен ырасталышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу Конкурстук табыштаманы даярдоо боюнча нускама (жеткирип берүүчүлөр үчүн) менен таанышуусу керек (1-тиркеме). |
| Сунуштарды
тапшыруу тартиби
|
Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде катышуу үчүн табыштаманы даярдап, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө PSD-PR-2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 30-июну (Бишкек убактысы боюнча) саат 10:00гө чейин жөнөтүү керек.
Конкурс эки баскычта өткөрүлөт жана ар бир баскыч үчүн эки өзүнчө катты даярдоо талап кылынат: Биринчи кат (биринчи баскыч үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүгүн тастыктаган документтер менен кошо тапшырылат. Каттын темасында «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүү керек. Экинчи кат (экинчи баскыч үчүн) каржылык сунуш менен тапшырылат. Каттын темасында: «Каржылык документтер» деп көрсөтүү керек; Техникалык тапшырма жана чертеждор менен кошо башка документтер тандоонун катышуучусу тарабынан кол коюлган Купуялуулук жөнүндө келишим берилгенден кийин сунушталат. Купуялуулук жөнүндө келишимдин долбоору тиркелет (тиркеме 8). Кол коюлган Купуялуулук жөнүндө келишим электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек Aibek.Berdigulov@kumtor.kg . |
| Маанилүү!!! | Каттын (сунуштун) көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.
Эгер тиркемелердин көлөмү 25 МБдан ашса, анда конкурстук табыштаманы бөлүктөргө бөлүп, каттын темасында төмөнкүчө көрсөтүү зарыл: 1. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 1-бөлүк. 2. «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы)» 2-бөлүк. 3. «Конкурстук сунуш жана сметалык эсеп» 3-бөлүк, жана андан ары. Документтерди жүктөө үчүн булут сактагычтарга шилтемелердин мөөнөтү чектелүү болгондуктан, документтерди булуттагы сактагычтар аркылуу жөнөтүү сунушталбайт. |
| 1чи бакскыч: Квалификация жана техникалык бөлүк | |
| Катышууга сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат, табыштаманын формасы тиркелген (2-тиркеме); |
| Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү; | |
| Негизги ишмердүүлүктүн түрүн аныктаган документтин (Уставдын) сканерленген көчүрмөсү жана жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү; | |
| 2024–2025-жылдар үчүн каржылык отчеттордун түп нуска көчүрмөлөрү; | |
| Ак ниеттүүлүк декларациясы, формасы тиркелген (3-тиркеме); | |
| Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация, формасы тиркелген (4-тиркеме); | |
| Кызматкерлер жөнүндө маалымат, алардын мурдагы иш тажрыйбасын баяндап берүү менен. Формасы тиркелет (тиркеме 5). | |
| Мурда аткарылган иштердин кыскача баяндалышы жана сунуштамалары менен ишкер өнөктөштөрдүн тизмеси. Формасы тиркелет (тиркеме 5). | |
| Курулуш долбоорлоо жана конструкциялоо бөлүгүндө (өндүрүштүк багыттагы объекттер) атайын бөлүмдөрдү (сметалар, айлана-чөйрөнү коргоо) жана башка талап кылынган бөлүмдөрдү иштеп чыгуу укугу менен II деңгээлдеги жоопкерчилик лицензиясы болушу керек. | |
| Тиешелүү квалификациялык сертификаттар болушу керек:
долбоорлоочу инженер, инженер-конструктор, эсептөөчү инженер, сметачы инженер, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис жана иштерди аткаруу үчүн талап кылынган башка адистер |
|
| Окшош келишимдерди аткаруу тажрыйбасын тастыктаган келишимдердин көчүрмөлөрүн берүү (кеминде беш жылдык тажрыйба жана берилип жаткан лоттун наркынан кем эмес суммага кеминде эки келишим). Тастыктоочу документтер: окшош келишимдер, кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары. | |
| Биринчи баскычтын баалоо критерийлери: | Биринчи баскычтан өткөн деп саналган сунуш – бардык талаптарга жооп берген жана талап кылынган документтердин толук топтомун тапшырган сунуш болуп эсептелет.
Тандоонун катышуучулары техникалык тапшырмага ылайык квалификациялык маалыматтарды тастыктоо үчүн талап кылынган бардык документтерди тапшырууга милдеттүү. |
| Каржылык сунушту тапшыруу тартиби
|
2чи баскыч: Сунуштун каржылык бөлүгү: |
| Каржылык/коммерциялык сунуш сыр сөз менен корголгон архивде берилиши керек. Табыштаманын формасы тиркелет (тиркеме 7).
Сыр сөз бул конкурс боюнча жооптуу адамдын сурамы боюнча берилиши керек. Архивдин сыр сөзү кеминде 8 белгиден турушу жана анын курамында 1 сан, 1 символ, ошондой эле тамгалар (кеминде бир баш тамга жана бир кичине тамга) болушу керек. Каржылык/коммерциялык сунуш катышуучунун расмий бланкында даярдалып, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын дарегине жөнөтүлүшү жана милдеттүү түрдө баасы, иштерди аткаруу мөөнөттөрү жана төлөм шарттары көрсөтүлүшү керек. Квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардын гана сыр сөздөрү суралат. Каржылык/коммерциялык сунуш сыр сөзсүз же квалификациялык документтер менен кошо берилген учурда, сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. |
|
| Темасын көрсөтүү менен катышуу үчүн сунушун PSD-PR-2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 30-июну, (Бишкек убактысы боюнча) саат 10:00гө чейин жөнөтүү керек.
Биринчи кат (биринчи баскыч үчүн) — квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен. Темасында «Квалификациялык документтер» деп көрсөтүлсүн; Экинчи кат (экинчи баскыч үчүн) — каржылык сунуш менен. Темасында «Каржылык документтер» деп көрсөтүлсүн. |
|
| Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же
четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт. |
|
| Конкурстук сунуш расмий бланкта даярдалышы керек. | |
| Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир Катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Конкурстук сунуштун мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Таанышуу максатында кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору берилет. Бул келишим долбоору акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт (тиркеме 6). |
|
| Бул конкурс боюнча бардык суроолор жана тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор, сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун Aibek.Berdigulov@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. | |
| Келишим биринчи жана экинчи баскычтардан өткөн жана эң төмөн бааны сунуштаган катышуучу менен түзүлөт. | |