Жарыяланган: 05 December 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 19-декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00.
Урматтуу айымдар жана мырзалар!
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) Техникалык Тапшырмага ылайык толук комплекттеги цифралык эки тараптуу (эки видеожазуу каналы менен) видеорегистраторду орнотуу жана оңдоо/техникалык тейлөө менен камсыз кылуу боюнча чектөөсүз эки пакеттик конкурс өткөрүүгө укуктуу берүүчүлөрдү катышууга чакырат жана «Кумтор Голд Компани» ЖАК компаниясы үчүн Техникалык Тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурсдук табыштамаларын берүүгө чакырат:
Сиздин сунуштар документтер, тиркемелер, жана баа сунуштары менен бирге, коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга толук укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек жана мөөр менен бекитилип, документтерди PDF форматында берилиши керек.
Адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү менен тастыкталышы керек.
Тандоого катышууну каалагандардын баары Чакырууга №1, №2, №3 тиркемелерине ылайык формаларды толтуруш керек, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук почтага жөнөтүш керек.
Катышуучулар өздөрүн табыштамаларын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат түрүндө жөнөтүшөт, алардын өлчөмү 25 мб ашпашы керек.
Биринчи топтомдун темасы «[Компаниянын аталышы жана лоттун номери] боюнча квалификациялык жана техникалык сунуштар» болушу керек; экинчи топтому үчүн «[Компаниянын аталышы жана лоттун номери] баа сунушу»videoreg2025@kumtor.kg– деген дарекке жөнөтүлүшү керек
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек:
1. Биринчи этап – квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо (Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн)
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо төмөндөгүлөрдү камтыйт:
Резидент эместер үчүн (башка өлкөлөрдүн катышуучулары):
1.2. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча экинчи этапта кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи этапка кабыл алынбаган катышуучулар:
1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүү жүргүзө алат.
2.1. Экинчи этапка катышууга биринчи этаптан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана жол берилет.
2.2. Катышуучунун баа сунушу ылайык так түрдө толтурулат. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №3 тиркемесиндеги формага ылайык так толтурулушу керек жана 60 иш күнүнүн ичинде жарактуу болушу шарт.
2.3. Жеңүүчү деп баа/сапат/жеткирүү мөөнөтү боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган жана Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык конкурстук арыз берген катышуучу табылат.
2.5. Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
Баалоо критерийлери:
Келишимге кол коюудан мурун Жеңүүчү ЗАО «КГК» ЖАКтын банктык эсебине (Реквизиттер Чакырууга №4 тиркеме) Келишимдин наркынын 5% өлчөмүндө акча каражаты түрүндө ГОИД (Келишимди аткарууну кепилдөөчү камсыздоо) киргизүүгө тийиш же Аткаруучунун келишим шарттарын аткаруу милдеттенмелерин тастыктаган кепилдик декларациясын берүүгө тийиш.
Эгерде аванс төлөмү суралса, Жеңүүчү Буйрутмачынын банкы менен корреспонденттик мамилеси бар банк тарабынан берилген, аванс өлчөмүнөн кем эмес суммадагы банктык кепилдикти камсыз кылууга милдеттүү.
Конкурска катышууга байланыштуу бардык чыгымдарды Катышуучу өз эсебинен көтөрөт.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын «19» декабры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Nurzhan.Zholdoshev@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу. Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө сөзсүз билдирет.
Бардык тиркемелер: