Жарыяланган: 24 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 1-июлу, саат 15:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын филиалы «Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү завод» (мындан ары – ДКЗ) Сиздерди Спецификацияга ылайык Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводго чарбалык товарларды жеткирүү боюнча сынакка катышууга чакырат.
Тапшыруу форматы: Катышуу үчүн арыз жана башка документтер арызга жана келишимдик милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтерге кол коюлуп, PDF форматында тапшырылышы керек.
Тапшыруу тартиби: Тандоодон өтүүчү катышуучулар сынактын талаптарына ылайык арыз берип, документтердин керектүү көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды 2026-жылдын 01 июльдун саат 15:00дөн Shabdanbek.Bekturov@KUMTOR.KG кечиктирбестен электрондук дарегине «Чарбалык товарлар» темасын көрсөтүп, электрондук түрдө жөнөтүшү керек.
Катышуу үчүн арызда төмөнкү документтер камтылышы керек:
Баалоо критерийлери: Эң аз чыгым жана оптималдуу жеткирүү убактысын сунуштаган сунуш жеңүүчү деп эсептелет.
Кардар тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенмелерди албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен, Кампаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.
Тандоодо ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.
Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул тандоо боюнча бардык суроолорду Shabdanbek.Bekturov@KUMTOR.KG электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
Тандоо шарттарын түшүндүрүү өтүнүчтөрү сунушту берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек.