Бүгүн, 2012-жылдын 16-июлунда, «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2011-жылга Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча отчетту сунуш кылды. Бул документ 1996-жылдан баштап жыл сайын чыгарылып келет. Отчет мамлекеттик органдарга, өкмөттүк эмес секторго жана коомчулукка “Кумтөр” кен ишканасындагы экологиялык кырдаал жана компания тарабынан курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берүү үчүн жарыяланат