Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

23.08.2013 2013-жылдын II кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр» компаниясы 2013-жылдын экинчи кварталындагы иштин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын жарым жылында “Кумтөрдө” 161 983 унция* же 5 038 кг алтын өндүрүлгөн. Компания 2,8 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон. Продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү 2013-жылдын экинчи кварталында “Кумтөр” кен ишканасында 2 250,8 килограмм (72 365 унция) алтын өндүрүлгөн, ошол эле учурда 2012-жылдын ушундай мезгилинде баалуу металл өндүрүү 1 284,8 килограммды (41 307 унция) түзгөн. Көлөмдүн көбөйүшү курамында алтыны жогору болгон руданы кайра иштетүүдөн улам мүмкүн болгон. Мисалы, 2013-жылдын экинчи кварталында фабрикага алтындын орточо курамы 2,17 г/т болгон руда берилген, а бөлүп алуу пайызы 69%ды түзгөн. Отчеттук мезгилде руданы кайра иштетүүнүн көлөмү 1,4 млн. тоннаны түзгөн, бул болжол менен 2012-жылдын ошол эле мезгилиндеги көрсөткүчкө дал келет. Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 2013-жылдын экинчи кварталында 70 318 унцияны, же 2,2 тоннадай алтынды түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн жалпы түшкөн каражат 96,5 млн. долларды** түздү. “Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында […]

18.07.2013 Тоң районунда жаштар форуму болуп өттү

Тоң районунун жаштарынын 200гө жакын өкүлү «Жаштардын достугу» форумуна катышышты, ал өткөн шейшембиде «Кумтөр» компаниясынын финансылык колдоосу менен райондук администрацияда болуп өттү. Райондун 9 айыл аймагынын активисттери көйгөй проблемаларды талкуулашты жана аларды чечүү үчүн өздөрүнүн аракеттерин бириктирүүнү чечишти. Жакынкы мезгилде ар бир айылдын өкүлдөрү өз лидерлерин шайлашмакчы, алар жаштардын Тоңду өнүктүрүүгө багытталган аракеттерин координациялашмакчы. Форумга областтын эң жаш акими – Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев катышты. Эл аралык уюмдар жана ӨЭУлар чогулгандарга региондо аларга жаш адамдар катыша, аны менен өз айылдарын өнүктүрүүгө салымдарын кошо алыша турган жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө маалымдашты. Форумдун катышуучуларын анда алар социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыра алыша турган иштеп жаткан «Жаштар банктары» сыяктуу долбоорлордун алкактарында районду өнүктүрүү үчүн мүкүнчүлүктөр, ошондой эле «Карагат+» долбоорунун иши жана башка пландаштырылган иш чаралар менен да тааныштырышты.