Жаңылыктар жана басма-сөз

Жаңылыктар жана басма-сөз

30.10.2013 «Кумтөр» компаниясынын Балыкчы шаарындагы маалымат бюросу эми жаңы даректе жайгашкан

«Кумтөр» компаниясынын Балыкчыдагы маалымат бюросу орун которду жана эми Фрунзе көч. 372 А дарегинде жайгашкан. Жаңы имаратта маалымат бюросу менен катар эле «Балыкчы финанс» микрокредиттик компаниясынын офиси, ошондой эле «АВЕП» өнөктөштүк уюмунун жетекчилиги астында иштеп жаткан туристтик борбор да бар. Компаниянын маалымат бюросу узак жылдар бою бош турган эски дүкөндүн имаратына жайгаштырылды. Ал ремонттолуп, техника жана зарыл эмерек менен жабдылды. «Мурда биздин маалымат бюробуз Балыкчы өткөөл базасынын территориясында болчу. Бул адамдарга анча ыңгайлуу болбогон, анткени шаарды кыдырып өтүүгө туура келчү. Биз эми аны бул жакка көчүрдүк жана биздин ишибиз жөнүндө маалымат көп адамдар үчүн жеткиликтүү болуп калат деп үмүттөнөбүз», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер. Ал борбордун базасында областтын жашоочулары үчүн бизнес-пландаштыруу боюнча тренингдер жана компаниянын кызматкерлери үчүн ар кандай окутуучу семинарлар өтө тургандыгын да билдирди. Дээрлик эки жылдан бери иштеп жана жергиликтүү калкка кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыяларды берип келе жаткан «Балыкчы Финанс» микрокредиттик уюмунун офиси да кеңейтүүгө муктаж болчу. Компаниянын салымдарынан улам кардарлар эми жаңы офиске тез жете алышат, ал шаардын башкы көчөлөрүнүн биринде ыңгайлуу жайгашкан. «Кумтөр» компаниясынын Маалымат бюросунун кызматкерлери менен төмөнкү телефон боюнча байланышууга болот: 0 (775) 971201

08.10.2013 «Кумтөр» компаниясынын кызматкерлеринин ачык кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына Урматтуу мырзалар, «Кумтөр» Кыргызстанда 5 миңден ашуун үй-бүлөнү иш, татыктуу эмгек акы менен камсыз кылууда жана болочокко ишенимдүүлүк берүүдө. Биздин Компания өлкөнүн бюджетине миллиарддаган сомдорду которот жана биздин пенсонерлер пенсияларын өз убагында алуусу үчүн Соцфондго ак ниет төлөп берүүдө. Тилекке каршы, Компания кайрадан эле саясий оюндардын предмети болуп калууда. «Кумтөрдүн» айланасында кайрадан башталган каршылык акциялары ишкананын адаттагыдай иштөөсүнө гана жолтоо болбостон, ишкананын эмгек жамаатына жана анын иш маанайына да өтө терс таасир берүүдө. Элдин атынан сүйлөп жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын жактап жатабыз дешкендер өздөрүнүн ойлонулбаган аракеттери эмнеге алып келиши мүмкүн экенин түшүнүшпөйт. Саясатчылардын «Кумтөр» жөнүндө сүйлөгөн акыркы сөздөрүнүн баары кесипкөй эместикке суугарылган жана кырдаалды териштирүү аракетинен эмес, алдыдагы бийлик үчүн күрөштө упай топтоону каалоодон улам болууда. Дал ушул нерсе бир областтын жашоочуларынын бири-бирине каршы туруусуна алып келди. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жаңы долбоор боюнча биздин ишкана төлөөчү пайданын 50%ы жана ага кошумча дүң продуктыдан 14% «Кумтөр» долбоорунан Кыргызстандын экономикасына финансылык түшүүлөрдү көбөйтүүгө мүмкүндүк бере тургандыгы мектеп окуучусуна да түшүнүктүү! Денонсация жана улутташтыруу өндүрүштүн токтоосуна, эл аралык соттордогу көп миллиарддаган доолорго алып келет жана өлкөнүн инвестициялык имиджин биротоло талкалайт. Биз өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеп келгенбиз, иштеп жатабыз жана иштей беребиз. Биз […]

07.10.2013 «Кумтөр» компаниясы Валерий Андреевич Кузьмиченоктун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтуусун билдирет

Эӊ сонун адам жана мыкты адистин, техника илимдеринин кандидатынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун Жаратылыш ресрурстарын математикалык-картографиялык моделдештирүү лабораториясынын башчысынын жүрөгү токтоп калды. 87 илимий иштин автору болгон Валерий Андреевич гляциология тармагында эӊ жогорку деӊгээлдеги адис болгон, ал математикалык-картографиялык моделдештирүүнүн уникалдуу методун колдонуу менен Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунун суу-экологиялык абалдарын изилдөөгө зор салым кошкон. Кузьмиченок В.А. «Кумтөр» кен ишканасын өнүктүрүүгө зор колдоо көрсөткөн. Кенди иштетүү башталгандан бери Валерий Андреевич компаниянын мөӊгүлөрдүн абалын изилдөө боюнча консультанты болуп саналган, анын изилдөөлөрүнө таянуу менен руданы казып алуу жана карьерди өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Валерий Андреевичтин бул дүйнөдөн өтүүсү биздин баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу болуп саналат, ал жөнүндө эскерүү көп сандаган досторунун жана коллегаларынын жүрөгүндө түбөлүк жашай бермекчи.