БУЙРУТМАЧЫНЫН ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫН БАШКАРУУ БОЮНЧА АЙДООЧУНУН КЫЗМАТТАРЫН СЕРВИС-КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ КӨРСӨТҮҮ

БУЙРУТМАЧЫНЫН ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫН БАШКАРУУ БОЮНЧА АЙДООЧУНУН КЫЗМАТТАРЫН СЕРВИС-КЕЛИШИМДИН НЕГИЗИНДЕ КӨРСӨТҮҮ

Жарыяланган: 15 October 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 22-октябры, саат 15:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


Сатып алуунун предмети: Буйрутмачынын транспорт каражатын башкаруу боюнча айдоочунун кызматтарын сервис-келишимдин негизинде көрсөтүү.

Буйрутмачы: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») Сизди төмөнкү кызматтарды көрсөтүү боюнча конкурска катышууга чакырат:

  • Буйрутмачынын транспорт каражатын башкаруу боюнча айдоочунун кызматтарын сервис-келишимдин негизинде көрсөтүү.

Квалификациялык документтерди берүү боюнча негизги талаптар:

  1. Документтер PDF форматында берилиши керек.
  1. Документтер transportservice@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 22-октябры Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин жөнөтүлүшү керек.
  2. Бир электрондук каттын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек экендигине көңүл буруңуз.

Берүү үчүн зарыл болгон документтер:

  1. Толтурулган №1 Тиркеме (Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация жана коррупцияга каршы эскертме).
  2. Толтурулган №2 Тиркеме (Конкурстук табыштаманын аткарылышын кепилдеген декларация).
  3. ID-картанын / В, С категорияларындагы айдоочулук күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү.
  4. Ушуга окшош кеминде 3 жыл иш тажрыйбасы бар экендигин тастыктаган документтер.
  5. Жеке ишкердин күбөлүгү бар болгон учурда документтин сканерленген көчүрмөсү жана салык органынан карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат.
  6. Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.
  7. Жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон берилген күбөлүктүн көчүрмөсү / тиешелүү ишмердүүлүк түрүнө алынган патенттин (ыктыярдуу же милдеттүү) көчүрмөсү же жеке ишкер катары милдеттүү түрдө катталуу жөнүндө кепилдик кат.
  • Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтом менен тапшырышат жана эки топтом тең жогоруда көрсөтүлгөн электрондук дарекке бир убакта жөнөтүлүшү керек:
  • №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сырсөзсүз берилет).
  • №2 топтом – коммерциялык сунуш (айына эсептелген наркты милдеттүү түрдө көрсөтүү керек; файлга кирүү сырсөз менен корголушу керек, сырсөз Буйрутмачынын электрондук почтачы аркылуу жөнөтүлгөн суроо-талабынан кийин берилет).
  1. «КГК» берилген маалыматтарды тастыктоочу кошумча документтерди талап кылуу же көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү укугун өзүнө калтырат. Эгер ишенимсиз же туура эмес маалыматтар аныкталса, табыштама четке кагылат.
Баалоо критерийлери: Конкурстун бардык талаптарына жооп берген жана суралган документтердин толук топтомун камтыган сунуш тандоодон өткөн деп таанылат.
«Сервис-келишим» деген тема көрсөтүлгөн сунушту transportservice@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 22-октябры Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө чейин жөнөтүү зарыл.
Буйрутмачы каалаган сунушту же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишимди ыйгарууга чейин каалаган убакта тандоо жол-жобосун жокко чыгарууга укуктуу жана мында тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Конкурстук сунуш расмий бланкта таризделиши керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана конкурстук сунуш бере алат.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күндү түзүшү керек.

Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул конкурс боюнча бардык суроолор электрондук почта аркылуу төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек: Meerim.Toibaeva@kumtor.kg
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР