«Кумтөр» кенин рекультивациялоого «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» чыгымдары 37 миллиондон ашуун АКШ долларын түзөт

Жарыяланган: 20 July 2012

«Кумтөр» кенин рекультивациялоого «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» чыгымдары 37 миллиондон ашуун АКШ долларын түзөт Азыркы учурда эле Рекультивация фондунда 9 миллиондон ашуун АКШ доллары бар.

«Кумтөр» компаниясы 2011-жылы «Кумтөр» кен ишканасынын Рекультивация фондуна 1,7 миллион АКШ долларын которду. Резервдик фонд «Кумтөр Голд Компани», «Ротшильд Траст Корпорейшн Лимитед» корпорациясы жана Лондондо (Англия) жайгашкан Трасттык фонд түрүндөгү инвестордун ортосундагы 1996-жылдын 25-январындагы рекультивациянын ишеним фонду жөнүндө келишимдин негизинде түзүлгөн. Азыркы учурда Трасттык фонддун каражаттарын Кыргыз Республикасынын территориясында жайгашкан финансылык-кредиттик мекемеде жайгаштыруу маселеси чечилүүдө.

Фонддун акчаларына жүргүзүлүүчү иштер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
• Кыргыз Республикасынын «Кумтөр» долбоору үчүн белгиленген бардык нормативдик талаптарын канааттандырууга;
• Геотехникалык туруктуулукту камсыз кылууга;
• Компаниянын ишмердүүлүгү аяктагандан кийин калктын саламаттыгын коргоону камсыз кылууга;
• Жерлерди пайдаланууга жарактуу абалга кайра келтирүүгө.

Курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча отчет менен сиздер бул жерден тааныша аласыздар.

Предыдущая публикация2011-жылы «Кумтөр» компаниясында бир дагы олуттуу экологиялык окуя катталган жок Следующая публикация«КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ» КЕН ИШКАНАСЫНДА ООРУП КАЛУУЛАР КЕЛИП ЧЫККАНДЫГЫ ЖӨНүНДӨ БИЛДИРЕТ
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.