БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ КЕҢСЕНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНА (ТРАНСПОРТ БӨЛҮМҮ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 23 April 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.05.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Бишкек шаарындагы кеңсенин Администрациясына (транспорт бөлүмү) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Жогорку билим тууралуу дипломдун болушу;
- Жоопкерчилик, кылдаттык, үйрөнүүгө жөндөмдүүлүк;
- Командада иштей билүү;
- Компьютерде иштей билүү (MS Excel, Word, Microsoft PowerPoint).
Милдеттер:
- Транспортко тиешелүү документтерди чогултуу, тариздөө жана архивдөө (жол барактары, актылар, накладнойлор);
- Компаниянын кызматкерлери үчүн, ошондой эле компаниянын коноктору үчүн авиабилеттерди, мейманканаларды жана трансферди өз убагында брондоону камсыз кылуу;
- Компаниянын жүргүнчүлөрү менен, ошондой эле компаниянын авиакаттамдар боюнча өнөктөштөрү жана кызматтары менен түз жана туруктуу байланышта болуу;
- «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын нормаларын жана эрежелерин сактоо;
- Түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу, ошондой эле өзүнүн кызмат ордуна тиешелүү эмгек операцияларын аткаруу;
- КР визалары менен камсыз кылуу иштерин жүргүзүү, визалык жол-жоболорду көзөмөлдөө жана чет өлкөлүк кызматкерлер менен коноктор үчүн визаларды өз убагында алуу;
- Паспорттордун, визалардын жана визалык камсыздоого байланыштуу башка документтердин көчүрмөлөрүн архивдик эсепке алуу.
Стажёрго ушул сүрөттөмөдө көрсөтүлбөгөн, бирок анын эмгектик функциясына тиешелүү, бир тектүү же аткарып жаткан иши менен байланышкан башка милдеттер да жүктөлүшү мүмкүн.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 11-майында саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.