БИОАЖЫРООЧУ БАШТЫКТАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 16 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-ноябры, саат 13:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «Буйрутмачы») укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү техникалык тапшырманын талаптарына ылайык биоажыроочу баштыктарды жеткирүү боюнча жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.
Товарлардын тизмеси Excel таблицада берилген (ар бир позиция өзүнчө каралат).
Жеткирүү шарттары: жеткирүү жыл бою макулдашылган графикке ылайык жүргүзүлөт.
Жалпы талаптар
- Сунушка келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек, ошондой эле уюмдун мөөрү (эгер бар болсо) басылышы керек.
- Документтерди тапшыруу форматы — PDF.
- Каттын темасы төмөнкүдөй болуш керек:
«Жеткирүүгө баа сунуштарына суроо-талап [компаниянын аты]»
- Сунушту төмөнкү электрондук дарекке жиберүү керек:
zaproskotirovok@kumtor.kg
- Эгерде “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка жеткирүү боюнча тажрыйба жок болсо, анда шилтемедеги документтерди толтуруу менен квалификация/аккредитациялоо жол-жобосунан өтүү керек: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында берилиши керек.
Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү
2026-жылдын 20-ноябырында саат 13:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Сунуштун курамы
Сунушта төмөнкүлөрдү белгилөө керек:
- Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК;
- Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы;
- Байланыш маалыматы: юридикалык дареги, телефон, жооптуу адамдын e‑mail дареги;
- Сунушту даярдоо күнү, кол коюу жана мөөр басуу;
- Сунушталган товардын аталышы;
- Товардын техникалык сүрөттөмөсү жана фотографиялары;
- Товардын бирдигинин баасы, анын ичинде бардык колдонулуучу салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүү;
- Жеткирүү дареги: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, «КГК» ЖАКтын кампасы/Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9, станциянын коду 721900;
- Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (30 календардык күндөн кем эмес);
- Товрады жеткирүү мөөнөтү;
- Төлөм шарттары: 100% кийин төлөө же алдын ала төлөө учурунда алдын ала төлөө суммасына банк кепилдигин берүү.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Zarina.Andasheva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрыла алат.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР