БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫ – БӨБ БӨЛҮМҮНДӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫ – БӨБ БӨЛҮМҮНДӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 15 September 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Балыкчы өткөөл базасы – БӨБ бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:
• Жогорку техникалык жана экономикалык билим (data analytics чөйрөсүндөгү сетификаттын болушу артыкчылык болуп эсептелет);
• Чет тилдерди (англис, түрк ж.у.с.) билүү артыкчылык болуп эсептелет;
• Жабдуу процесстерин, кампа эсептеринин логистикасын жана өндүрүштү пландаштырууну билүү;
• MS Excel жана статистикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча башка программаларды профессионалдык деңээлде билүү;
• Жогорку аналитикалык көндүмдөрүнүн болуусу;
• Чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөөнү билүү;
• Көп тапшырмалар менен тез иштей билүү;
• Мыкты командалык жана коммуникация көндүмдөрү;
• Системалык анализди жана өндүрүш процесстерин талдоо ыкмаларын билүү;
• Заманбап маалыматтар базасын башкаруу системаларын билүү;
• Windows тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлинде билүү;
• Маалымат чогултуу жана аларды иштеп чыгуу көндүмдөрү.

Милдеттер:
• Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу;
• Өндүрүш процесстерин оптималдаштыруу үчүн маалыматтарды издөөгө, чогултууга, топтоого, иштеп чыгууга жана талдоого көмөктөшүү;
• БӨБдүн түзүмдүк бөлүмдөрүндө отчетторду автоматташтырууга катышуу;
• Күнүмдүк жана айлык отчетторду түзүүгө катышуу;
• Жетекчиликке отчет берүү үчүн презентацияларды даярдоо.

Такшалманын шарттары:
• Акы төлөнүүчү такшалма
• Такшалманын мөөнөтү-2 жыл
• Такшалма өтүү жери – Балыкчы
• Жумуш графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн: 2023-жылдын 28 – сентябрь саат 16.00дөн кечикпестеншилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.