БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕК ТОПТОМДОРУН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕК ТОПТОМДОРУН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 26 October 2026

КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


Урматтуу мырзалар,

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык белек топтомдорун жеткирүү боюнча чектөөсүз эки баскычтуу конкурска катышууга жана Техникалык тапшырмага ылайык төмөнкү лоттор боюнча конкурстук табыштамаларын берүүгө чакырат:

  1. № 1–Лот Балдар үчүн жаңы жылдык белек топтомдорун.

Тиркелген документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен бирге сиздин сунуштарыңызга келишим боюнча коммерциялык сунуштарга жана милдеттенмелерге кол коюуга бардык ыйгарым укуктары бар адам(дар) кол коюшу керек, мөөр басылышы керек, документтерди берүү форматы PDF форматында болушу керек.

Кол коючунун документтерге кол коюу укугу ишеним кат же анын ыйгарым укугун тастыктаган документтердин тастыкталган көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.

Тандоого катышууну каалаган ар бир адам чакыруудагы  №2, №3, №4, №5 тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, [email protected] электрондук почта аркылуу жөнөтүшү керек.

Катышуучулар өз сунуштарын электрондук почта аркылуу бир же бир нече кат менен жөнөтүшөт, алардын көлөмү 25 МБдан ашпашы керек.

Билдирүүнүн темасында биринчи топтом үчүн: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»; экинчи топтом үчүн: «Баа сунушу [компаниянын аталышы]» деп көрсөтүлүп, төмөнкү дарекке жөнөтүлүшү керек:

Конкурстук табыштаманы берүү тартиби

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомдо тапшырышат:

  • №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сырсөзсүз берилет);
  • №2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга кирүү сырсөз аркылуу болушу керек жана  биринчи баскычта ачылбайт, сырсөз буйрутмачынын суранычынан кийин электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).

1. Биринчи этап – Квалификациялык жана техникалык сунуштарды баалоо
1.1. Квалификациялык жана техникалык баалоо, катышуучунун төмөнкү документтерин кароону камтыйт:

  • Иш тажрыйбасын талдоо (акыркы эки жылдагы келишимдердин көчүрмөсү);
  • Тапшырылган документтерди Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү;
  • Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымкаттардын түп нускаларынын сканерленген көчүрмөлөрү (МСК, Соцфонд);
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (жеке ишкерлер үчүн жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же жарактуу патенттин көчүрмөсү. Мында ишмердүүлүктүн түрү сатып алуунун предметине дал келиши керек);
  • Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
  • Документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ;
  • Кол коюучунун паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
  • Ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган 2024 жана 2025-жылдар үчүн бардык тиркемелери менен бухгалтердик баланстын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет), ошондой эле БСД (Бирдиктүү салык декларациясы);
  • Конкурстук табыштама (Чакырууга №1 тиркеменин формасы боюнча).
  • Катышуучунун соттук териштирүүлөргө катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл ичинде, анын ичинде учурдагы жыл боюнча дагы) (Чакырууга №2 тиркеменин формасы боюнча);
  • Конкурстук табыштаманын аткарылышын камсыздоочу декларация (Чакырууга №3 тиркеменин формасы боюнча);
  • Ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме жөнүндө декларация (Чакырууга №4 тиркеменин формасы боюнча);

1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыктары боюнча экинчи баскычка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.

1.3. Катышуучулар экинчи этапка катыша албайт эгерде:

  • не предоставившие полный перечень документов согласно требованиям первого пакета – Квалификационная и техническая оценка;
  • Биринчи топтомдун талаптарына ылайык документтердин толук тизмесин бербеген учурда – Квалификациялык жана техникалык баалоо боюнча.
  • биринчи топтом менен коммерциялык сунушту сырсөзсүз жөнөткөн же сырсөздү сураныч түшө электе жөнөткөн катышуучулар;
  • буйрутмачынын суроо-талабынан кийин экинчи топтомдун сырсөзү берилбеген учурда;
  • кол коюлган конкурстук табыштама жок болгон учурда (чакырууга №1 тиркеменин формасы боюнча);
  • Соттук териштирүүлөргө катышуусу жөнүндө маалыматты камтыган кол коюлган форманы (Чакыруунун №2 тиркемесиндеги форма боюнча) бербеген учурда;
  • Конкурстук табыштаманын аткарылышын камсыздоочу декларацияны (Чакырууга №3 тиркеменин формасы боюнча) бербеген учурда;
  • Ак ниеттүүлүк жана коррупцияга каршы эскертме жөнүндө декларацияны (Чакырууга №4 тиркеменин формасы боюнча) бербеген учурда;
  • чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин документтерди тапшырган катышуучулар;
  • буйрутмачынын коопсуздук кызматынын жана финансы бөлүмүнүн аккредитациясынан өтпөгөн катышуучулар.

1.4. Буйрутмачы өзүнүн кароосу боюнча жеринде текшерүү жүргүзүшү мүмкүн.

  1. Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо

2.1. Биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана экинчи баскычка катыша алышат.

2.2. Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №5 тиркемеде көрсөтүлгөн формага так ылайык толтурулушу керек.

  • Эгерде конкурстун катышуучусу баа сунушун Чакырууга №5 тиркемеде белгиленген формага ылайык толтурулбаган түрдө жөнөтсө, анын табыштамасы четке кагылат.

2.3. Баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык конкурстук табыштама берген катышуучу жеңүүчү деп таанылат.

2.4. Конкурстун катышуучусу көрсөткөн продукциянын наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу бардык чыгымдарды, анын ичинде салыктарды, бажы алымдарын, жыйымдарды, Буйрутмачынын кампасына чейин жеткирүү чыгымдарын жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле келишимдик милдеттенмелерди аткарууга жана Келишимде көрсөтүлгөн коштоочу кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан башка бардык чыгымдарды камтышы керек.

  • Баалоо критерийлери: белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат.
  • Лот бөлүнбөс болуп эсептелет.
  • Буйрутмачы негизги жеткирип берүүчүнү тандайт.
  • Тандалган негизги жеткирип берүүчү менен жеткирүү келишими түзүлөт.

Келишимдин аткарылышын кепилдеген камсыздоонун өлчөмү жана формасы (мындан ары – КАКК)

  • Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеткирүү келишимин түзүү укугу ыйгарылган катышуучу жеткирүү келишиминин жалпы суммасынын 2% өлчөмүндө КАКК киргизүүсү керек.
  • Эгерде жеңүүчү катышуучу КАКК киргизүүдөн баш тартса, Буйрутмачы келишимди кийинки катышуучу, башкача айтканда тандалган резервдик жеткирип берүүчү менен түзүүгө укуктуу.
  • КАКК Буйрутмачынын ырастоосунун негизинде жеткирип берүүчүгө 7 (жети) жумушчу күндөн кечиктирбестен төмөнкү учурларда кайтарылып берилет:
  • Келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери (кепилдик мөөнөтү) толук аткарылган учурда;
  • Форс-мажордук жагдайларга байланыштуу келишим бузулган учурда.
  • КАКК киргизүү үчүн банктык эсептин реквизиттери Чакырууга №6 тиркемеде көрсөтүлгөн.

Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 12:00.

  • Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген конкурстук табыштамалар жана/же табыштамалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
  • Өз сунушун берүү менен катышуучу Буйрутмачынын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга, анын ичинде Чакырууга №7 тиркемеге ылайык Келишимдин шарттарына макул экендигин билдирет.
  • Ар бир тандоого катышуучу ар бир лот боюнча бир гана конкурстук сунуш бере алат.
  • Конкурстук сунуштарды берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Ушул Чакыруу боюнча суроолор жаралган учурда катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн [email protected] электрондук дареги аркылуу Буйрутмачыга кайрыла алат, бирок конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 жумушчу күн мурда кайрылышы керек. Түшүндүрмөлөр суроо-талап келип түшкөн электрондук почта дарегине суроо алынган күндөн тартып үч календардык күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин, бирок кандай болгон күндө да 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, кошумчаларды чыгаруу аркылуу ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилсе, Буйрутмачы конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырууга укуктуу. Бул тууралуу Буйрутмачы ушул конкурс тууралуу жарыя жайгаштырылган расмий https://www.kumtor.kg/ru/ веб-сайтында тиешелүү маалыматты жайгаштыруу аркылуу маалымдайт.

Буйрутмачы сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле Келишимди ыйгарганга чейин каалаган убакта конкурстук процессти жокко чыгарууга жана бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу. Мында ал тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерди тартпайт.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР