БАКТЫБЕК ТУРУСБЕКОВ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДАГЫ ЖЕҢИШИН ӨЛКӨБҮЗДҮН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ АРНАДЫ

БАКТЫБЕК ТУРУСБЕКОВ САНКТ-ПЕТЕРБУРГДАГЫ ЖЕҢИШИН ӨЛКӨБҮЗДҮН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ АРНАДЫ

Жарыяланган: 08 September 2023

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин мүчөсү Бактыбек Турусбеков жыл сайын өтүүчү «13 Bridges» сууда сүзүүчүлөрдүн марафонунда биринчи орунду жеңип алды.

Ушул жылдын август айынын акырында Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн «13 Bridges» марафонуна ар кайсы өлкөдөн 60 адам катышкан.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Директорлор кеңешинин мүчөсү Бактыбек Турусбеков Нева дарыясын бойлой 27 чакырым аралыкты сүзүп өтүп, өз жаш категориясында биринчи орунду жеңип алды. Ал бул жеңишин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арнаган.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жамааты учурдан пайдаланып, Бактыбек Турусбековду сууда сүзүүчүлөрдүн мелдешиндеги жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайт.

Белгилей кетсек, мелдештин шарттары боюнча, Россиянын түндүк борборунун негизги транспорттук суу агымы болгон Нева дарыясын бойлой салынган 13 көпүрөдөн сүзүп өтүү керек эле.  Жыл сайын өтүүчү бул марафон 11,5 чакырымдан 27 чакырымга чейинки ар кандай татаалдыктагы 4 категория боюнча өткөрүлүп келет.