БӨБ-БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫНЫН БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

БӨБ-БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАСЫНЫН БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 29 December 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн БӨБ-Балыкчы өткөөл базасынын бөлүмүнө ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоону жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку техникалык, экономикалык билим (2019-жылдан 2023-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн өтүнмөлөрдү кабыл алабыз.);
  • Компьютерди жана MS Office программасын тажрыйбалуу колдонуучу деңгээлинде билүү;
  • Коопсуз жол кыймылын, камсыздоону жана логистиканы уюштуруу процесстерин билүү;
  • Чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
  • Көп тапшырма режиминде тез иштей билүү;
  • Мыкты команда жана коммуникация көндүмдөрү;
  • Заманбап маалыматтар базасын башкаруу системаларын билүү;
  • Маалымат чогултуу жана иштетүү көндүмдөрү.

Милдеттери:

  • Өзүнүн түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткаруу;
  • БӨБнын АТКнын (автотранспорт каражаттарынын) мониторинг системаларын издөөгө, чогултууга, топтоштурууга, иштеп чыгууга жана талдоого көмөк көрсөтүү;
  • Өндүрүш материалдарын жаңыртууда жардам көрсөтүү (нускамалар, инструктаждар);
  • Мониторинг боюнча күндөлүк жана айлык отчетторду түзүүгө катышуу;
  • Жетекчиликке отчет берүү үчүн презентацияларды даярдоо.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Балыкчы
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 12-январында 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.